# 129-берене. ККМ колдонууга карата талаптар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 129-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-129

---

1. Ушул Кодекске ылайык ККМ колдонуу менен иш жүргүзүүгө милдеттүү болгон салык төлөөчүгө карата төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1) ишин жүзөгө ашырып баштаганга чейин ККМ тейлөөгө коюу жана каттоо;

2) ККМ ички механизмдерине жана программалык башкаруусуна санкцияланбаган кирүүнү болтурбоо;

3) ККМ колдонуунун типтүү эрежелерине ылайык ККМ колдонуу;

4) салык органдарынын кызмат адамдарынын ККМ колдонуунун тартибинин сакталышын контролдоодо ККМ жана кассалык орунга тоскоолдуксуз кирүүсүн камсыз кылуу;

5) ККМ оң абалда кармоо жана ыйгарым укуктуу салык органына реалдуу убакыт режиминде маалыматтардын берилишин, ошондой эле ККМ операцияларды белгилөө менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө акча каражаттарынын талаптагыдай эсепке алынышын камсыз кылуу;

6) сатып алуучу же кардар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүп жаткан жеринде жана учурунда ККМ колдонуу;

7) сатылуучу товарлардын баасын же көрсөтүлүүчү кызматтардын, аткарылуучу жумуштардын прейскуранттарын сатып алуучу же кардар үчүн жеткиликтүү жерге жайгаштыруу, алар жарыяланган бааларды жана/же тарифтерди ырастаган документтерге ылайык келүүгө тийиш;

8) ККМди каттоо, кайра каттоо, эсептен чыгаруу жана оңдоо учурларында салык органдарынын кызмат адамдарынын жана техникалык тейлөө борборлорунун кызматкерлерине ККМге жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу;

9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен форма боюнча контролдук-кассалык чекти талап кылуу зарылдыгы жөнүндө маалыматты сатып алуучуга же кардарга көрүнүктүү жерге жайгаштыруу.

2. ККМ колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын ченемдеринин талаптарын бузгандыгы үчүн салык төлөөчү Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-128)  
Кийинки берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-130)
