# 128-берене. Контролдук-кассалык машиналарды колдонуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 128-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-128

---

1. Кыргыз Республикасынын аймагында соода операцияларында же жумуштарды аткарууда жана кызматтарды көрсөтүүдө калк менен жүзөгө ашырылуучу эсептешүү ККМ милдеттүү түрдө колдонуу жана кагаз жүзүндө жана/же автоматтык эсептөө үчүн жарактуу электрондук түрдө контролдук-кассалык чекти берүү/жөнөтүү менен жүргүзүлөт. Ушул бөлүктүн жоболору өз ишинин спецификасынан, же болбосо жайгашкан жеринин өзгөчөлүктөрүнөн улам Министрлер Кабинети бекиткен тизмеге ылайык ККМ колдонбостон, эсептешүүлөрдү жүргүзө ала турган субъекттерге жайылтылбайт.

2. Субъекттер калк менен эсептешүүдө ККМ реестрине киргизилген аппараттык ККМ же программалык ККМ пайдаланууга милдеттүү.

3. Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдү бекитет:

1) ККМ карата техникалык корутундуну берүү жана ККМ реестрин түзүү тартибин;

2) ККМ техникалык тейлөө борборлоруна карата талаптарды;

3) ККМ каттоо, колдонуу тартибин, пайдалануунун типтүү эрежелерин жана киргизүүнүн мөөнөттөрүн.

4. ККМ карата техникалык талаптар ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамгаларды пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча бекитилет.

5. Эгерде ушул беренеде башкасы белгиленбесе, ККМ байланыш, маалыматташтыруу жана электрондук башкаруу жаатындагы жана электрондук кол тамганы пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилүүчү техникалык корутундунун негизинде ККМ реестрине киргизилет жана андан чыгарылат.

Техникалык корутунду ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилген техникалык талаптарга ККМ шайкештигин/шайкеш эместигин ырастоочу документ болуп саналат. 5-1. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген мамлекеттик органдын же мамлекеттик мекеменин маалымат тутуму ККМге теңештирилет жана ушул берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн техникалык корутундусуз ККМ реестрине киргизилет. 5-2. Калк менен эсептешүүдө салык төлөөчү тарабынан колдонулуучу, ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму менен интеграциялоодо иштеген фискалдык программалык камсыздоо ККМге теңештирилет.

6. Экономикалык ишти жүргүзүү үчүн аянтты, анын ичинде базарларда (кичи базарларда) жана соода борборлорунда жана үйлөрдө соода орундарын ижарага берген субъект ижара келишиминде контролдук-кассалык машинаны пайдаланууга милдеттүү ижарачыда ККМ бар болгондугу тууралуу талапты белгилөөгө милдеттүү, аны аткарбоо мындай келишимди бир тараптуу бузууга алып келет.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-127)  
Кийинки берене: [129-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-129)
