# 127-берене. Рейддик салык контролу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 14-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 127-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-127

---

1. Салык органдары контроль жүргүзүү жана салык төлөөчүгө Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү максатында рейддик салык контролун жүзөгө ашырат.

2. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы N 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

3. Контролдук сатып алууну кошпогондо, рейддик салык контролу айрым салык төлөөчүгө же анын обочолонгон бөлүмчөсүнө карата жылына 12ден ашык эмес жолу жүзөгө ашырылат.

Рейддик салык контролун жүргүзүүдө товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алуу Министрлер Кабинети тарабынан аныктаган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

4. Айрым салык төлөөчүгө карата рейддик салык контролу Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын сактабоо тобокелдигинин факторлорун талдоонун жыйынтыгынын негизинде ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилүүчү рейддик контроль жүргүзүлүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдү аныктоо усулуна ылайык жүзөгө ашырылат.

5. Рейддик салык контролун жүргүзүү үчүн ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген форма боюнча жазма буйрук таризделет. Рейддик салык контролун жүргүзүү тартиби жана максаты Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын төмөнкүдөй талаптарынын сакталышына рейддик салык контролун жүргүзүшөт:

1) салык төлөөчүнүн салык органында салыктык жана эсептик катталуу фактысын;

2) салык төлөөчүнүн патенттин негизинде салык төлөөсүн жана физикалык көрсөткүчтөрүн текшерүү.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-126)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-128)
