# 126-берене. КНС салыгын төлөөчүнүн арызы боюнча КНС ашкан суммасынын ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө камералдык текшерүү жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 126-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-126

---

1. КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералдык текшерүү салык органынын жайгашкан жеринде КНС боюнча салык отчетторун жана салык төлөөчү тарабынан берилген документтердин көчүрмөлөрүнүн жана КНС ашкан суммасын эсептөө үчүн негиз болгон мамлекеттик органдардын маалыматынын негизинде салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

2. КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералдык текшерүү салык органынын жетекчисинин чечиминин негизинде, салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.

3. КНС ашкан суммасынын негиздүүлүгүнө жана өлчөмүнө камералдык текшерүү жүргүзүүнүн тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Камералдык текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү ушул беренеге ылайык 15 жумушчу күндөн ашпашы керек.

5. КНС ордун толтуруу жана/же кайтарып берүү жөнүндө берген арызы боюнча салык органынын чечимине макул болбогон салык төлөөчү ушул Кодекстин 20-главасында белгиленген тартипте чечимге даттанууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-125)  
Кийинки берене: [127-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-127)
