# 125-берене. Камералдык текшерүү жүргүзүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 125-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-125

---

1. Камералдык текшерүү салыктарды эсептөө жана төлөө үчүн негиз болгон, салык төлөөчү берген салык отчетторунун жана маалыматтарынын, ошондой эле салык органында болгон салык төлөөчүнүн иштери тууралуу документтердин негизинде салык органы жайгашкан жер боюнча салык төлөөчүнү тартпастан жүргүзүлөт.

2. Эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, камералдык текшерүү салык органынын жетекчисинин кандайдыр бир атайын чечимисиз, салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык жүргүзүлөт.

3. Камералдык текшерүү жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

4. Эгерде салык органы камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктык милдеттенмелерин туура эсептөө бөлүгүндө салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместигин, ошондой эле салык төлөөчү салык отчетторун толтурууда жол берген башка каталарды аныктаса, салык органынын кызмат адамы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген форма боюнча камералдык текшерүүнүн маалымкатын түзөт.

Камералдык текшерүүнүн маалымкатында төмөнкүлөр чагылдырылууга тийиш:

- салык төлөөчү тарабынан бузулган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талабына көрсөтмө;

- алардын негизинде салыктык милдеттенмелерин туура эсептөө боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги жана/же катанын болушу жөнүндө тыянак чыгарылган документтер, отчеттор жана маалымат булактары;

- эгерде ал жүргүзүлсө, салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги белгиленген учурда салык милдеттенмесин эсептөөнүн эсеби;

- Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын бузууларды четтетүү жөнүндө талап.

Камералдык текшерүүнүн маалымкаты эки нускада .түзүлөт жана ага бул текшерүүнү жүргүзгөн адам кол коёт.

5. Салык органы салык төлөөчүгө камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкатты тапшыруу жана салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместиги аныкталгандыгы жөнүндө кабарлоо жолу менен салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн аныкталган шайкеш эместиги, ошондой эле башка каталары жөнүндө аларды четтетүү талабы менен камералдык текшерүүнүн маалымкаты түзүлгөн күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбестен кабарлайт.

6. Шайкеш келбестиктер аныкталгандыгы жөнүндө билдирүүнү жана камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө маалымкатты алгандан кийин, салык төлөөчү билдирүү алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде салык жана башка отчетторуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө же камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымкатта баяндалган салык органынын жүйөлөрү, ошондой эле салык органынын кызмат адамынын тыянактары жана сунуштары менен макул болбогон учурда жүйөлөр, түшүндүрмөлөр менен жазуу жүзүндөгү каршы пикирин жана/же өзүнүн каршы пикиринин негиздүүлүгүн ырастаган документтерди берүүгө милдеттүү.

Салык төлөөчү каршы пикирин жазуу жүзүндө колмо-кол же почта аркылуу буюртма кат менен же салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук документ түрүндө же электрондук кайрылуу түрүндө ыйгарым укуктуу салык органынын электрондук кайрылууларды кабыл алууга арналган электрондук почтасынын расмий дарегине электрондук почта аркылуу берет.

7. Салык төлөөчү алган кабарлоого ылайык камералдык текшерүүнүн жыйынтыгына карата жүйөлөнгөн каршы пикирин берген учурда, салык органы каршы пикирди алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен, салык төлөөчү тарабынан берилген каршы пикирлерди эске алуу менен камералдык текшерүүнүн материалдарын карап чыгууга, эгерде салык төлөөчү тарабынан берилген жүйөлөр салык органы тарабынан кабыл алынбаса же жарым-жартылай кабыл алынса, ушул Кодекстин талаптарына ылайык чечим чыгарууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.

8. Эгерде салык органы тарабынан каршы пикирлерди кароонун жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүнүн салык отчетунда салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн шайкеш эместигинин же башка каталардын жоктугу жөнүндө жүйөлөр кабыл алынса, анда мындай учурда салык органы салык төлөөчүгө каршы пикирин берүү үчүн берилген мөөнөт аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кечиктирбестен салык төлөөчү тарабынан берилген жүйөлөрдү таануу жөнүндө жазуу жүзүндөгү кабарлоону ага тапшырат.

9. Салык төлөөчү белгиленген мөөнөттө камералдык текшерүүдө аныкталган каталарды четтетпеген учурда, салык органы белгиленген мөөнөттөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде ушул Кодекстин 96 жана 97-беренелеринин талаптарына ылайык салыкты, туумду эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алууга жана аны салык төлөөчүгө тапшырууга милдеттүү.

10. Камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык санкциясы колдонулбайт.

11. Камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салыктардын жана туумдардын суммасын эсептөө жөнүндө чечимди алган салык төлөөчү, эгерде ал бул чечимди ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаса, чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде аны аткарууга милдеттүү.

12. Салык органынын кызмат адамынын ушул берененин талаптарын сактабоосу камералдык текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө салык органынын чечимин жокко чыгаруу жана кызмат адамын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын жоопкерчилигин жөнгө салган мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-126)
