# 124-берене. Уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда салык төлөөчүгө текшерүү жүргүзүүнүн негизи жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 124-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-124

---

1. Уюмду жоюуда же жеке ишкердин ишин токтотууда салык төлөөчүнү иликтөө ушул Кодекстин 118-беренесинде белгиленген салыктарды төлөбөөнүн тобокелдик факторлору жок болгон учурда жүргүзүлөт.

Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган учурда салык органы 20 календардык күндүн ичинде юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмесинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү. Салыктык милдеттенменин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматта иликтөөнү жүргүзүү мөөнөтүнө карата көрсөтмө камтылууга тийиш. Юридикалык жак жоюлуу процессинде тургандыгы жөнүндө юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын билдирүүсүн алган күндөн тартып 20 календардык күн өткөндөн кийин салык органы тарабынан салыктык милдеттенмесинин болуу тобокелдиги жөнүндө маалыматтын берилбеши, юридикалык жактарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан салык төлөөчүдө салык карызы жок экендигин таануу үчүн негиз болуп саналат.

2. Салык төлөөчүдө салыктарды төлөбөө тобокелдигинин факторлорунун жоктугун ырастоо болуп салык кызматынын маалымат тутумунун тобокелдикти талдоо протоколунда алардын жоктугу саналат.

Ушул берененин максатында салык кызматынын маалымат тутумунун салыктарды төлөбөө тобокелдигин талдоо протоколу болуп салыктарды төлөбөө тобокелдигинин факторлорун эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча автоматтык түрдө түзүлгөн документ саналат.

3. Салык төлөөчүгө, анын ичинен обочолонгон бөлүмчөсү бар салык төлөөчүгө текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү 15 жумушчу күндөн ашпоого тийиш.

4. Салык төлөөчүнү текшерүү төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) салык органынын кызмат адамы тарабынан анын кызматтык милдеттерине ылайык бул органдын түздөн-түз жайгашкан жери боюнча салык төлөөчүнү тартпастан;

2) салык кызматынын маалымат тутуму тобокелдиктерди талдоо протоколун түзгөн күндөн тартып 15 жумушчу күндүн ичинде.

5. Текшерүү жүргүзүүнүн башталышы болуп салык кызматынын маалымат тутуму тобокелдиктерди талдоо протоколун түзгөн күн саналат.

6. Текшерүү жүргүзүүнү аяктоо болуп текшерүү актысы жол-жоболоштурулган дата саналат.

7. Текшерүү актысы 2ден кем эмес сандагы нускада түзүлөт жана текшерүү жүргүзгөн салык органынын кызмат адамы тарабынан кол коюлат.

8. Текшерүү актысынын бир нускасы мындай текшерүү боюнча материалдарды кароонун жыйынтыгы боюнча чечими менен салык төлөөчүгө текшерүү бүткөн күндөн тартып 15 жумушчу күндөн кечиктирбестен тапшырылууга тийиш.

(КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-125)
