# 122-берене. Көчмө текшерүүнүн бүтүшү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 122-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-122

---

1. Көчмө текшерүү аяктаганда салык органынын кызмат адамы төмөнкүлөрдү көрсөтүү менен акт түзөт:

1) көчмө текшерүү жүргүзүлгөн жерди, акт түзүлгөн күндү;

2) текшерүүнүн түрүн;

3) көчмө текшерүү жүргүзгөн салык органынын кызматкеринин же кызматкерлеринин кызматын, аты-жөнүн;

4) салык төлөөчүнүн аты-жөнүн, же болбосо толук аталышын;

5) салык төлөөчүнүн турган жерин, банктык реквизиттерин, ошондой эле анын ИСН;

6) салык төлөөчүнүн салык жана бухгалтердик отчетторду жүргүзүүгө жана бюджетке салыктарды төлөөгө жооптуу жетекчисинин жана кызмат адамдарынын аты-жөнүн;

7) мурдагы текшерүү жана Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын мурда аныкталган бузууларды четтетүү боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө маалыматтарды;

8) текшерилүүчү салыктык мезгилди жана текшерүү жүргүзүү үчүн салык төлөөчү берген документтер жөнүндө жалпы маалыматтарды;

9) алардын негизинде салык милдеттенмеси эсептелген документтердин реквизиттерине, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын тиешелүү ченемине шилтеме жасоо менен текшерүүнүн жүрүшүндө белгиленген салык милдеттенмесин эсептөөнүн толук негиздемесин.

2. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтүнүн бүтүшү болуп салык төлөөчүгө көчмө текшерүүнүн актысы тапшырылган күн эсептелет. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн актысы жазма буйрукта көрсөтүлгөн көчмө текшерүү аяктоочу күндөн кечиктирбестен салык төлөөчүгө тапшырылууга тийиш.

3. Көчмө текшерүүнүн актысына документтердин зарыл болгон көчүрмөлөрү, салык органынын кызмат адамы түзгөн эсептөөлөр жана текшерүүнүн жүрүшүндө алынган башка материалдар тиркелет.

4. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүүнүн актысы кеминде эки нускада түзүлөт жана ага текшерүү жүргүзгөн салык органдарынын кызмат адамы жана текшерилүүчү уюмдун жетекчиси же жеке ишкер же алардын салыктык өкүлдөрү кол коюшат. Көрсөтүлгөн адамдар актыга кол коюудан баш тарткан учурда, бул тууралуу актыга тийиштүү белги коюлат.

5. Көчмө текшерүүнүн актысынын бир нускасы салык төлөөчүгө берилет. Көчмө текшерүү боюнча актыны алууда салык төлөөчү аны алгандыгы жөнүндө белги коюуга милдеттүү.

6. Көчмө текшерүүнүн жыйынтыктарына макул болбогон салык төлөөчү акт тапшырылган күндөн кийинки 5 жумушчу күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө текшерүү актысы боюнча жазуу жүзүндөгү түшүндүрмөлөрдү же каршы пикирлерин көчмө текшерүүнү жүргүзгөн салык органына берүүгө укуктуу.

(КР2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-121)  
Кийинки берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-123)
