# 121-берене. Көчмө текшерүү жүргүзүүнүн башталышы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 121-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-121

---

1. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, көчмө текшерүү жүргүзүүнүн башталышы болуп салык төлөөчүгө жазма буйрук тапшырылган күн эсептелет.

2. Жазма буйрук салык төлөөчүгө ал учурдагы салыктык эсепке алынган жердеги салык органы тарабынан берилет же жиберилет.

3. Жазма буйрук төмөнкүлөргө берилиши мүмкүн:

1) уюмдун жетекчисине, анын салыктык өкүлүнө; же

2) жеке кол койдуруу же бул жазма буйрукту алуу фактысын жана датасын ырастаган башка ыкма менен жеке жакка, анын салыктык өкүлүнө.

Ушул бөлүктө көрсөтүлгөн адамдар жазма буйрукту алуудан качса, аталган жазма буйрук буюртма кат менен почта аркылуу жиберилет. Мында жазма буйрук аны тапшыруу жөнүндө квитанцияда көрсөтүлгөн буюртма катты алган датага карата алынды деп эсептелет.

4. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө кызматтык ырастамасын көрсөтүүгө милдеттүү.

5. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүчү салык кызматынын органынын кызмат адамы салык төлөөчүгө жазма буйруктун биринчи нускасын тапшырат. Жазма буйруктун экинчи нускасына жазма буйрук менен таанышкандыгы жана аны алгандыгы жөнүндө салык төлөөчүнүн же анын салыктык өкүлүнүн белгиси коюлат.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-120)  
Кийинки берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-122)
