# 120-берене. Көчмө текшерүүгө жазма буйрук

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 120-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-120

---

1. Көчмө текшерүү жүргүзүү үчүн салык органынын жетекчиси төмөнкүдөй реквизиттерди камтыган белгиленген формадагы жазма буйрукка кол коет:

1) салык органында жазма буйрук катталган дата жана номер;

2) текшерүү жүргүзө турган салык органынын аталышы;

3) салык төлөөчүнүн толук аталышы;

4) салык төлөөчүнүн ИСН;

5) текшерүүнүн (контролдун) түрү;

6) текшерүүнүн негизи;

7) текшерүүнүн предмети;

8) ушул Кодекске ылайык текшерүү жүргүзүүгө тартылган текшерүүчү адамдардын кызмат орундары, аты-жөнү;

9) текшерүү жүргүзүү мөөнөтү;

10) текшерилүүчү салыктык мезгил;

11) текшерүүнү дайындоо жөнүндө салык органынын чечиминин реквизиттери.

2. Жазма буйруктун формасын ыйгарым укуктуу салык органы белгилейт.

3. Жазма буйрукка салык органынын жетекчиси же салык органынын жетекчиси ыйгарым укук берген адам кол коюшу керек, ал гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлүүгө жана ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленген тартипте катталууга тийиш.

4. Көчмө текшерүүнүн мөөнөтү узартылган учурда кошумча жазма буйрук таризделип, анда мурдагы жазма буйрук катталган номер, дата жана көчмө текшерүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө салык органынын чечиминин реквизиттери көрсөтүлөт.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-121)
