# 119-берене. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн мезгили жана мөөнөттөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-119>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-119.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 119-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-119

---

1. Пландык текшерүү төмөнкүдөй мезгилди камтыйт:

1) пайда салыгы боюнча - бул пландык текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышына карата бүткөн мурдагы 3 календардык жылдан ашпаган;

2) пайда салыгын кошпогондо, башка салыктар боюнча - бул пландык текшерүүнү жүргүзүүнүн башталышына карата бүткөн, кийинки катары менен келген мурдагы 36 календардык айдан ашпаган.

2. Текшерүүлөрдүн калган түрлөрү ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтү бүткөнгө чейинки ар кандай мезгил үчүн жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Берилген жазма буйрукта көрсөтүлүүчү пландуу текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү салык төлөөчүгө жазма буйрук тапшырылган күндөн кийинки 30 календардык күндөн, ал эми ири салык төлөөчү үчүн - эгерде ушул беренеде башкача белгиленбесе, 50 календардык күндөн ашпоого тийиш.

4. Кыргыз Республикасынын ар кайсы региондорунда филиалдары бар уюмдарды пландуу текшерүү жүргүзүүдө салыктык текшерүү жүргүзүүнүн мөөнөтү ар бир филиалга 30 календардык күндөн ашпашы керек.

5. Көчмө текшерүүнү жүргүзүүнүн мөөнөтүнүн мезгили, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү төмөнкүдөй учурда токтотула турат:

1) аларды берүү күнүн кошкондо, салык төлөөчүгө салык органынын документтерди берүү жөнүндө чечими тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып көчмө текшерүү жүргүзүүдө суралуучу документтерди салык төлөөчү берген күнгө чейинки мезгилге;

2) салыктык текшерүүнүн катышуучуларынын ооруп калуусу, жакын тууганынын каза болуу себеби боюнча, бирок ал 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө;

3) ал жеткис күчтүн жагдайлары пайда болгон учурга;

4) салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына соттук тартипте ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине даттануу мөөнөтү аяктаганга чейин салык органынын көчмө текшерүүнү дайындоо жана/же узартуу, токтото туруу жана/же кайра баштоо жөнүндө чечимине даттанууну берген күндөн кийинки күндөн тартып, ал эми ыйгарым укуктуу салык органынын чечимине сотто даттанылган учурда - соттун чечими күчүнө киргенге чейинки мезгилге.

6. Көчмө текшерүү мөөнөтүнүн, ошондой эле көчмө текшерүүнүн өзүн жүргүзүү мезгили эл аралык макулдашууларга ылайык маалымат берүү жөнүндө чет мамлекеттен суроо-талапка жооп алуу жана ал боюнча салык органдары маалыматтарды алуу үчүн зарыл болгон убакыттын мезгилинде, ошондой эле утурлама текшерүүлөрдү, экспертизаларды жүргүзүү мезгилинде токтотулбайт.

7. Чет мамлекетке суроо-талапты жүзөгө ашыруу, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо жана көчмө текшерүү бүткөн күнгө чейин алардын натыйжалары алынбаган учурда, көчмө текшерүү текшерүү актысында жиберилген суроо-талаптар, экспертиза жүргүзүү, утурлама текшерүүнү дайындоо жөнүндө жазууларды көрсөтүү менен аяктайт.

8. Суроо-талапка жоопту, экспертизалардын же утурлама текшерүүнүн натыйжаларын алуу кайра текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналат.

9. Эгерде ушул главада башкача каралбаса, пландан тышкаркы текшерүү пландык текшерүү үчүн аныкталган мөөнөттө жүргүзүлөт.

10. Утурлама жана тематикалык текшерүү 10 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

11. Кайра текшерүү 15 календардык күндөн ашпаган мөөнөттө жүргүзүлөт.

12. Салык органдары ушул Кодекстин 117-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди алган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечимди кабыл алууга милдеттүү.

Салык органы ушул Кодекстин 117-беренесинде каралган пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиздерди алган күндөн кийинки күндөн тартып 30 календардык күндөн кечиктирбестен жазма буйрукту салык төлөөчүгө тапшырууга жана пландан тышкары текшерүүгө киришүүгө милдеттүү. Эгерде ушул Кодекстин 117-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-пунктунун "г" пунктчасында каралган учурлар пландан тышкары текшерүү жүргүзүү үчүн негиз болуп саналса, салык органы мындай негизди алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алууга жана пландан тышкары текшерүү жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып 5 календардык күндөн кечиктирбестен пландан тышкаркы текшерүүгө киришүүгө милдеттүү. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-118)  
Кийинки берене: [120-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-120)
