# 118-берене. Көчмө текшерүү жүргүзүүнү пландоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 13-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 118-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-118

---

1. Пландуу текшерүү акыркы пландык жана пландан тышкаркы текшерүүлөр аяктаган күндөн кийинки күндөн тартып 12 айдан эрте эмес жүргүзүлөт.

2. Көчмө текшерүүлөрдүн планы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан учурдагы кварталга түзүлөт, текшерилүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөрдүн тизмегин камтыйт жана квартал башталганга чейин 15 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

3. Көчмө текшерүүлөрдүн планы эки бөлүмдөн турат жана пландуу текшерилүүгө тийиш болгон салык төлөөчүлөргө карата түзүлөт.

Биринчи бөлүм салыктарды төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлорун талдоонун негизинде тандалып алынган салык төлөөчүлөргө карата түзүлөт. Экинчи бөлүм көчмө текшерүүнү жүргүзүү планынын биринчи бөлүмү боюнча тандалып алынган салык төлөөчүлөрдүн санынын 5 пайызынан ашпаган бөлүгүн түзүүгө тийиш болгон калган салык төлөөчүлөргө карата капилет тандоо усулунун негизинде түзүлөт.

4. Көчмө текшерүүлөр планынын биринчи бөлүмү кызматтык пайдалануу документи болуп эсептелет жана жарыялууна тийиш эмес.

Көчмө текшерүүлөр планынын экинчи бөлүмү ыйгарым укуктуу салык органынын жетекчиси бекиткенден кийин 15 күндөн кечиктирбестен, ыйгарым укуктуу салык органынын ачык маалыматтык веб-сайтында милдеттүү түрдө жайгаштырылууга тийиш жана салык органынын тийиштүү жайында ачык жердеги кагаздарда жарыяланууга тийиш.

5. Салыкты төлөбөй коюу тобокелдигинин факторлоруна төмөнкүлөр кирет:

1) төмөнкүлөр боюнча маалыматтардын дал келбеши:

а) салык төлөөчү тарабынан декларациялангандан салык салуу объекттеринин болушу жана аларды каттоо боюнча мамлекеттик органдардын маалыматтары боюнча;

б) салыктардын декларацияланган (төлөнгөн) жана эсептик суммалары боюнча;

в) Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан алынган маалыматы бар кирешелер боюнча;

2) чыгымдардын салык отчеттуулугунда чагылдырылышы;

3) салык төлөөчүнүн салыктык түйшүгү региондо экономикалык иштин ушундай түрлөрүн жүргүзүүчү салык төлөөчүлөр боюнча эсептелген орточо деңгээлинен 25%дан ашык төмөн болушу;

4) эсеп-фактураларды талдоонун натыйжалары боюнча салык органдары алган маалыматтар жана башка салык төлөөчүлөр берген бөлөк маалыматтар боюнча кирешелердин декларацияланган суммасы менен салыктык милдеттенмелердин ортосунда айырманын болушу;

5) камералдык текшерүүлөрдүн натыйжасы боюнча салык төлөөчүлөрдүн ишинин көрсөткүчтөрү дал келбегендигинин аныкталгандыгы тууралу салык кызматынын органынын жазуу жүзүндө кабарлоосу боюнча негизделген түшүндүрмөлөрдү жана/же такталган салык отчетторун салык төлөөчүнүн бербегендиги;

6) ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин ыйгарым укуктуу салык органдарынан алынган маалыматтын ЕАЭБ мүчө-мамлекеттердин аймагынан Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келген товарлар боюнча салык төлөөчүнүн салык отчетторуна жана/же документтерине дал келбестиги;

7) салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугуна азаюу жагына карай түзөтүүлөрдү киргизүүсү;

8) салык төлөөчү социалдык маанилүү объект тууралуу келишимдин тарабы болуп саналат;

9) ыйгарым укуктуу салык органы бекиткен көчмө текшерүүлөрдү пландоо ыкмасына ылайык башка тобокелдиктер.

6. Пландан тышкаркы текшерүү, утурлама текшерүү жана кайра текшерүү ушул Кодексте белгиленген негиздер келип чыккан учурда салык органынын чечими боюнча жүргүзүлөт.

7. Пландык текшерүү Министрлер Кабинети белгилеген тартипте аралыктан жүргүзүлүшү мүмкүн.

8. Салыктарды төлөбөө тобокелдик факторлору жок салык төлөөчүгө карата пландын биринчи бөлүмү үчүн каралган критерийлер боюнча пландык текшерүү жүргүзүлбөйт.

(КР 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-119)
