# 1161-берене. Салык аудити

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1161>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 1161-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1161

---

1. Салык аудитинин максаты болуп ушул Кодекстин 341-беренесинин 3-пунктунда белгиленген учурларда салыктардын бардык түрлөрү, салыктык эмес кирешелер жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын талаптарын салык төлөөчүнүн өз убагында жана толук аткаруусуна көмөк көрсөтүү саналат.

2. Салык аудитин жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

3. Салык аудити салык төлөөчүнүн арызын алган учурда ушул аудитти жүргүзүү жөнүндө салык органынын жетекчиси кол койгон чечимдин жана жазма буйруктун негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

4. Салык аудити аяктагандан кийин эки нускадан кем эмес санда корутунду түзүлөт, ага аудит жүргүзгөн кызмат адамынын колу коюлат жана салык органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

5. Салык аудитинин жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй чечим чыгарылбайт:

1) салыкты, туумдарды эсептөө жана/же азайтуу жөнүндө;

2) салык төлөөчүнү салыктык укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу жөнүндө.

6. Салык аудитинин корутундусун аткаруу салык төлөөчү үчүн ыктыярдуу болуп саналат.

7. Салык аудитин жүргүзүү жөнүндө чечимдин жана жазма буйруктун, ошондой эле корутундунун формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-116)  
Кийинки берене: [116-2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-116-2)
