# 116-берене. Салык төлөөчүнүн жеке эсеби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-116>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-116.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 116-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-116

---

1. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмелеринин, туумдарынын, пайыздарынын жана салык санкцияларынын (мындан ары - салык милдеттенмеси) суммасын эсепке алуу, аларды бюджетке төлөө салык төлөөчүнүн жеке эсебин жүргүзүү аркылуу салык органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Салык төлөөчүнүн жеке эсеби улуттук валютада жүргүзүлөт.

3. Салык төлөөчүнүн салык милдеттенмесинин суммасы салык төлөөчүнүн жеке эсебинде төмөнкүнүн негизинде чагылдырылат:

1) салык төлөөчү тарабынан талашылбаган же негиздүүлүгү сот тарабынан ырасталган, салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык кызматынын органынын чечиминин негизинде берилген салык отчеттуулугунан тышкары, салык төлөөчү тарабынан берилген салык отчеттуулугунун;

2) салык контролунун жыйынтыгы боюнча чечимдердин, анын ичинде:

а) салык милдеттенмесин азайтуу же көбөйтүү, салык контролунун жыйынтыгы боюнча КНС жогорулатуунун суммасы;

б) сотко чейинки/соттук тартипте салык төлөөчү тарабынан талашып жаткан салык милдеттенмеси;

в) салык төлөөчү тааныган салык милдеттенмеси.

3) ушул Кодекстин XIII бөлүмүндө каралган учурда салык кызматынын органы салык суммасын эсептөөдө.

4. Салыктын өз алдынча же бардык түрлөрү боюнча салык милдеттенмеси менен эсептердин абалы тууралуу салык төлөөчүнүн жеке эсебинен көчүрмө салык төлөөчүнүн салыктык эсепке алуу жана/же эсептик каттоо жери боюнча арызынын негизинде мындай арыз катталган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде берилет.

5. Салык төлөөчүнүн отчеттук жылга салыктык милдеттенмеси боюнча эсептерди салыштырып текшерүү жыл сайын отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып өз ара эсептешүүнү салыштырып текшерүү актысын түзүү менен отчеттук жылга бирдиктүү салык декларациясын берген датага чейинки мезгилдин ичинде жүзөгө ашырылат.

6. Календардык жылдын ичинде өз ара эсептешүүнү салыштырып текшерүү актысын түзүү менен эсептерди текшерүү салык төлөөчүнүн салыктык эсепке алуу жана/же эсептик каттоо жери боюнча арызынын негизинде мындай арыз катталган күндөн тартып салык органдары тарабынан бир жумушчу күндүн ичинде жүргүзүлөт.

7. Салык төлөөчүнүн салыктык милдеттенмелеринин суммасын эсепке алуунун, өз ара эсептешүүнү салыштырып текшерүүнүн, ошондой эле бюджет менен эсептешүүнүн абалы тууралуу маалыматты салык төлөөчүгө берүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-115)  
Кийинки берене: [1161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1161)
