# 116-2-берене. Бирдиктүү салык эсеби. Бирдиктүү салык төлөмү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-116-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 116-2-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-116-2

---

1. Бирдиктүү салык эсеби - бул салык милдеттенмесин аткаруу ыкмасы, анын жардамы менен салык төлөөчү Бирдиктүү салык эсебине бирдиктүү салык төлөмү менен салык милдеттенмесин төлөйт.

2. Бирдиктүү салык төлөмү деп салык төлөөчү Бирдиктүү салык эсебине салган жана/же которгон акча каражаттары таанылат.

Ушул Кодекстин максаттары үчүн бирдиктүү салык төлөмү деп салык органы тарабынан салык төлөөчүнүн салыгынын ашыкча же туура эмес төлөнгөн суммасын Бирдиктүү салык эсебине чегерүү жөнүндө чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу тиешелүү чечим кабыл алынган күнү Бирдиктүү салык эсебинде эсепке алынууга тийиш болгон акча каражаттарынын суммасы да таанылат.

3. Салык төлөөчүнүн Бирдиктүү салык эсебиндеги бирдиктүү салык төлөмдөрү төмөнкүлөрдү төлөө үчүн колдонулат:

- Бирдиктүү салык эсебине акча каражаттарын чегерүү датасына карата салык карызын, мында эгерде Бирдиктүү салык эсебиндеги акча каражаттары карызды толук көлөмдө төлөө үчүн жетишсиз болсо, анда төлөө карыздын азыраак суммасынан баштап жүргүзүлөт;

- анын алдыдагы салык милдеттенмелерин аткаруу эсебине.

4. Алдыдагы салык милдеттенмесин жабуу салыкты төлөөнүн эң алгачкы мөөнөттөрүнөн баштап ырааттуу түрдө жүзөгө ашырылат.

Төлөө мөөнөттөрү дал келген учурда салык милдеттенмесин жабуу азыраак суммадан баштап жүзөгө ашырылат.

5. Салык төлөөчүнүн Бирдиктүү салык эсебиндеги акча каражаттарынын эсебинен салык милдеттенмесин жабуу салык органы тарабынан ыйгарым укуктуу салык органынын автоматташтырылган тутуму аркылуу автоматташтырылган режимде жүргүзүлөт.

Бирдиктүү салык төлөмүн Бирдиктүү салык эсебинен салык төлөөчүнүн эсебине кайтаруу салык төлөөчүнүн салык карызы жана алдыдагы салык милдеттенмелери жок болгон учурда, арыз келип түшкөн күндөн тартып 5 жумуш күндүн ичинде салык төлөөчүнүн арызы боюнча жүргүзүлөт.

6. Бирдиктүү салык эсебин жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан бекитилет.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-1161)  
Кийинки берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-117)
