# 115-берене. Салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 115-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-115

---

1. Салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүлөргө байланыштуу жүргүзүлөт:

1) уюмдун жоюлушун каттоого же жеке ишкердин ишин токтотууга;

2) жеке менчикке, жер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө жана ыкчам башкарууга укук сыяктуу жеке жакка таандык болгон бардык салык салуу объекттерине карата ушул Кодексте каралаган укуктардын токтошунан улам жеке жактын салык милдеттенмесинин токтотулушуна;

3) жеке ишкер ушул Кодексте каралган тартипте аракетсиз салык төлөөчү деп таанылгандыгына;

4) жасалма документтердин негизинде жеке ишкердик катталганына;

5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун Кыргыз Республикасынын банкындагы эсебинин жабылгандыгына.

2. Салык төлөөчүнүн салык каттоосун жокко чыгаруу төмөнкүнүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын салык төлөөчүнүн ишин токтотууну каттоо, ушул Кодексте белгиленген башка негиздер боюнча анын салык милдеттенмелерин токтотуу жөнүндө маалыматтын;

3) Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте кабыл алынган салык кызматынын органынын чечиминин;

4) жеке ишкерди каттоону мыйзамсыз жана жасалма документтердин негизинде жүргүзүлгөн деп таануу жөнүндө соттун чечиминин.

5) ушул Кодекстин 111-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмдун эсептери ачылган банктардын эсептерди жабуу жөнүндө кабарламаларынын.

3. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосун жоюу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн обочолонгон бөлүмдүн иши токтотулган;

2) жеке менчикке, жер пайдаланууга, чарба жүргүзүүгө жана ыкчам башкарууга укук сыяктуу салык салуу обектине карата салык төлөөчүнүн укуктары токтотулган;

3) (КР 2024-жылдын 2-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4) жеке жак тарабынан тиешелүү райондун/шаардын аймагында акыркы патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан тартып 30 күндөн ашык патент алынбаган.

4. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосун жокко чыгару төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан салык салуу объектине карата салык төлөөчүнүн укугун токтотууну каттоо жөнүндө маалыматтын.

3) жеке жак тарабынан тиешелүү райондун/шаардын аймагында акыркы патенттин колдонуу мөөнөтү аяктаган датадан тартып 30 күндөн ашык патент алынбагандыгынын.

5. Салык төлөөчүнүн салыктык жана/же эсептик каттоосун жокко чыгаруу анын салыктык карызы жок болгон учурда жүзөгө ашырылат.

6. Салык органы салык төлөөчүнүн салыктык каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алат, каттоону жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизет жана ушул Кодексте каралган тартипте салыктык каттоону жокко чыгаруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө жиберет.

7. Салык төлөөчүнүн каттоосун жокко чыгаруу тартибин Министрлер Кабинети белгилейт.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-114)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-116)
