# 114-берене. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 02.02.2024 [Закон КР от 2 февраля 2024 года № 31 "О внесении изменений в Налоговый кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230001081); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 114-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-114

---

1. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо субъект салыктык каттоо жол-жоболорунан өткөндөн кийин төмөнкүдөй учурларда жүзөгө ашырылат:

1) уюм жана жеке ишкер үчүн:

а) обочолонгон бөлүм жайгашкан жер боюнча салык органында - обочолонгон бөлүмчө пайда болгондо;

б) салык салуу объекти жайгашкан жер боюнча салык органында - салык төлөөчүдө салык салуу объекти келген учурда;

в) (КР 2024-жылдын 2-февралындагы N 31 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

2) ушул бөлүктүн 1-пунктунда каралган учурларга кошумча ишин патенттин негизинде жүргүзүүчү жеке ишкерлер үчүн - эгерде ал учурдагы салыктык каттоочу жерден тышкары турса, ишин жүзөгө ашырган жер боюнча;

3) жеке жактар үчүн - салык салуу объекттери турган жана/же катталган жер боюнча салык кызматынын органында;

4) патенттин негизинде жеке эмгек ишин жүзөгө ашырып жаткан жеке жактар үчүн - эгерде ал учурдагы салыктык эсепке алган жерден тышкары болсо, ишин жүзөгө ашырып жаткан жери боюнча салык кызматынын органында.

2. Кыймылсыз мүлк, анын ичинде жерлер үчүн ушул берененин максаттарында салык салуу объектисинин жайгашкан жери болуп алардын иш жүзүндө жайгашкан жери саналат.

3. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн, салык салуу объекттерин эсепке алууну жана/же каттоону жүзөгө ашырган органдар тарабынан берилген маалыматтын.

3) жеке жактын патент алуу фактысынын.

4. Уюм же жеке ишкер обочолонгон бөлүмдүн жайгашкан жери боюнча салык органына анын иши башталганга чейин эсептик каттоо жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

Патенттин негизинде иш жүргүзгөн жеке ишкерди же жеке жакты эсептик каттоо тиешелүү аймакта патент алууда эсептик каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүргүзүлөт.

5. Эсептик каттоо салык төлөчүнүн мурда ыйгарылган ИСН өзгөртпөстөн жүргүзүлөт.

Обочолонгон бөлүмдү, салык салуу объектин эсептик каттоодо салык төлөөчү арызында салыктык каттоодо ага ыйгарылган ИСН көрсөтөт.

6. Салык төлөөчүнү эсептик каттоо салык органы тарабынан төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчү арыз берген күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде;

2) салык салуу объекттерин эсепке алууну жана/же каттоону жүзөгө ашыруучу ыйгарым укуктуу органдар берген маалыматтар келип түшкөн күндөн кийинки 3 жумуш күндүн ичинде.

7. Салык төлөөчүнүн эсептик каттоосу боюнча маалыматтары салык төлөөчүнүн каттоо картасында чагылдырылат.

8. Эсептик каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 2-февралындагы № 31, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-113)  
Кийинки берене: [115-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-115)
