# 113-берене. Салык төлөөчүнүн ИСН

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 113-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-113

---

1. ИСН салык төлөөчүгө салык органы тарабынан салыктык каттоо учурунда ыйгарылат.

2. Салык төлөөчүнү кайра каттоо ИСН өзгөртүүгө алып келбейт.

3. ИСН жаңылыштык боюнча жана кайталап ыйгаруу учурларын кошпогондо, жеке жактарда калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган жеке идентификациялык номери болгон учурда ушул номер салык төлөөчүнүн ИСН катары колдонулат.

4. Ыйгарылган ИСН, салык төлөөчүнүн ишинин башка параметрлери тууралуу маалыматтар Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине салык органы тарабынан киргизилет жана салык төлөөчүнүн каттоо картасында чагылдырылат.

5. Каттоо картасы салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу электрондук түрдө жөнөтүлөт. Салык төлөөчүнүн каттоо картасынын формасы ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

6. Салык төлөөчү, өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде иш жүргүзгөн мамлекеттик жана сот органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана мыйзам чыгаруу органдары жол-жоболоштуруу салык милдеттенмелеринин пайда болуусуна же салык төлөөчү тарабынан аларды аткаруусуна, ошондой эле салык укук бузуулары боюнча чара көрүүнү дайындоого же колдонууга алып келген же алып келиши мүмкүн болгон документтерде ИСН көрсөтүүгө милдеттүү, анын ичинде:

1) салык төлөөчүнүн келишимдери, актылары, коштомо кагаздары, төлөмдөрү, товар-транспорттук документтери, эсеп-фактуралары;

2) салык төлөөчүнүн кайрылуулары, арыздары, кабарламалары, даттануулары, декларациялары, отчеттору, эсептөөлөрү, суроо-талаптары;

3) чечимдер, кабарламалар, билдирүүлөр, талаптар, жазма буйруктар;

4) салык төлөөчүнүн экономикалык ишин жүргүзүүгө жана салык салуу объекттерине тиешеси бар маалыматты ведомстволор аралык алмашуу, ошондой эле мамлекеттик органдар тарабынан маалымат базаларын түзүүдө колдонулуучу салык төлөөчү жөнүндө маалымат.

7. Салык төлөөчү бланктарды, мөөрлөрдү, штамптарды, так отчеттуулуктун бланктарын өзүнүн ИСН көрсөтүү менен колдонууга милдеттүү.

(КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-112)  
Кийинки берене: [114-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-114)
