# 112-берене. Салык төлөөчүнү кайра каттоонун негиздери, мөөнөттөрү жана орду

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=44293..45757>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 112-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-112

---

1. Салык төлөөчүнү кайра каттоо төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:

1) Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды, филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө мыйзамдарына ылайык юридикалык жакты, филиалды, өкүлчүлүктү кайра каттаганда;

2) ушул Кодекске ылайык салык төлөөчүнүн салыктык эсепке алуу жери өзгөргөндө;

3) салык төлөөчүнүн аты-жөнү өзгөргөндө;

4) калкты каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан ыйгарылган жеке идентификациялык номери өзгөрүлгөн учурда салык төлөөчүнүн ИСН өзгөргөндө.

2. Салык төлөөчүнү кайра каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын;

2) салык төлөөчүнүн каттоо маалыматтарын өзгөртүү тууралуу ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген маалыматтын.

3. Эгерде ушул беренеде башкача каралбаса, ишин жүргүзгөн жери, жайгашкан же жашаган жери алмашып кеткен жана учурдагы салыктык эсепке алуу жери менен дал келбеген салык төлөөчү өзгөрүүлөр болгон күндөн кийинки 15 календардык күндөн кечиктирбестен, учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык кызматынын органына салыктык эсепке алуудан алып салуу жөнүндө арыз берүүгө милдеттүү.

4. Учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык органы салык төлөөчүнүн ишин жүргүзгөн жери, жайгашкан же жашаган жери өзгөрүп кетүүсүнө байланыштуу салыктык эсептен алуу жөнүндө арызын алгандан кийин арызды кабыл алган күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кеч эмес мөөнөттө тиешелүү өзгөртүүлөрдү Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрине киргизүүгө милдеттүү.

5. Учурдагы салыктык эсепке алуу жери боюнча салык төлөөчүнү салыктык башкарууну жүзөгө ашыруу Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестринде кайра каттоо жөнүндө маалыматтарды киргизген күнү аяктайт.

6. Ушул берененин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маалыматты алууда, салык органы салык төлөөчүнү кайра каттоо жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки 3 жумушчу күндүн ичинде салык төлөөчүнү кайра каттоого милдеттүү.

7. Кайра каттоо тартиби жана берилүүчү документтердин тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-111)  
Кийинки берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-113)
