# 111-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоонун негиздери, мөөнөттөрү жана тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 31.12.2025 [Закон КР от 31 декабря 2025 года N 262 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения, социального страхования и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230038461); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-111>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-111.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 111-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-111

---

1. Эгерде ушул берененин 2-бөлүгүндө башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо төмөнкүлөрдүн негизинде жүргүзүлөт:

1) патенттин негизинде иш жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн жеке жакты кошпогондо, электрондук документ түрүндөгү салык төлөөчүнүн салыктык каттоо жөнүндө арызынын же жеке жактын жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо жөнүндө арызынын;

2) ушул Кодекстин 17-главасында көрсөтүлгөн органдар тарабынан берилген маалыматтын;

3) салык органы тарабынан аныкталган, жакты салык төлөөгө милдеттендирүүчү ушул Кодексте каралган жагдайлардын;

4) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасынын банкында эсеп ачкан чет өлкөлүк уюмду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык салыктык каттоо зарылдыгы жөнүндө банктын салыктык катталган жери боюнча салык органына жиберилүүчү банктын кабарламасынын.

Ушул бөлүктүн 2 жана 3-пункттарында каралган учурларда салык милдеттенмесин аткаруу максатында салык төлөөчү анда салык милдеттенмеси пайда болгон салык мезгилинен тартып катталган болуп эсептелет. Ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурда салыктык каттоо салык органы тарабынан бирдиктүү салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн тутумуна мажбурлоо тартибинде жүргүзүлөт. Бирдиктүү салыктын негизиндеги режимди колдонуу мүмкүн болбогондо каттоо жалпы салык режиминде жүргүзүлөт. Жеке ишкерлерди салыктык каттоо жеке ишкерлер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат.

2. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо жүргүзүлөт, ал бир эле убакта анын КНС салык төлөөчү катары каттоосу деп таанылат.

Ушул бөлүктүн биринчи абзацында, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн уюм мамлекеттик каттоодон өтпөстөн салыктык каттоого тийиш. Ыйгарым укуктуу салык органынын ачык расмий веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоонун, ошондой эле ушул берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда көрсөтүлгөн уюмду салыктык каттоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн субъект ыйгарым укуктуу салык органынын расмий ачык веб-сайтында жайгаштырылган маалыматтык ресурс аркылуу салыктык каттоо жөнүндө арызды ишти жүзөгө ашыруу башталганга чейин берүүгө тийиш.

Ушул Кодекстин 28-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн чет элдик уюмдун салыктык милдеттерди башкаруусу ыйгарым укуктуу салык органы аныктаган салык кызматынын органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

4. Салыктык каттоо жөнүндө арызды төмөнкүлөр берүүгө милдеттүү:

1) ата мекендик уюм - Кыргыз Республикасынын юридикалык жактарды (филиалдарды жана өкүлчүлүктөрдү) мамлекетти каттоо жөнүндө мыйзамдары менен белгиленген мөөнөттө жана тартипте мамлекеттик каттоо боюнча ыйгарым укуктуу органга;

2) патенттин негизинде иш жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн жеке жакты кошпогондо, жеке эмгек ишин, ишкердик ишти жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алган жеке жак - мындай ишти жүзөгө ашырганга чейин салык органына;

3) Кыргыз Республикасында салык салынуучу объектке ээ чет өлкөлүк уюм же резидент эмес-жеке жак - салык төлөөнүчү объектке менчик укугун каттоо күнүнөн 5 жумушчу күндүн ичинде салык кызматынын органына;

4) дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүк - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аккредитациялоо күнүнөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жайгашкан жери боюнча салык кызматынын органына;

5) (КР 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Салыктык каттоо төмөнкүлөр боюнча жүргүзүлөт:

1) салык төлөөчүнүн арызы боюнча салыктык каттоо жөнүндө арыз берилген күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде;

2) ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктунда каралган маалымат боюнча ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн негиздердин бири болгон күндөн кийинки 3 жумуш күндөн кечиктирбеген мөөнөттө.

3) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок жана Кыргыз Республикасынын банкында эсеп ачып жаткан чет өлкөлүк уюмду салыктык каттоо зарылдыгы жөнүндө банктын кабарлоосун алган күндөн кийинки бир жумуш күндүн ичинде.

5-1. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы N 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6. Салыктык каттоо төмөнкүдөй жүзөгө ашырылат:

1) ата мекендик уюм үчүн - юридикалык жак катары мамлекеттик каттоо жүргүзүлгөн салык органында;

2) жеке ишкердин статусуна ээ болбогон жеке жак үчүн - Кыргыз Республикасында паспортунун маалыматтарына ылайык каттоо орду же жашаган жери боюнча салык органында;

3) жеке ишкер үчүн - каттоо орду жеке ишкердин паспортунун маалыматтарына ылайык жашаган жери же ишкердик ишти жүзөгө ашырган жери боюнча салык кызматынын органында;

4) чет өлкөлүк уюмдун өкүлчүлүгүнүн филиалы үчүн - юридикалык жактарды каттаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда филиалдын же өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөн жериндеги салык кызматынын органында;

5) Кыргыз Республикасында туруктуу мекемеси жок, Кыргыз Республикасынын банкында эсеп ачып жаткан чет өлкөлүк уюм үчүн - банктын катталган жери боюнча салык органында.

7. Кыргыз Республикасынын аймагында ишин жүзөгө ашырган, филиалын, өкүлчүлүгүн белгиленген тартипте каттабаган, бирок туруктуу мекеменин белгилери бар чет өлкөлүк уюмдун турган жери боюнча салык органы тарабынан жана ушул берене менен белгиленген мөөнөттө катталууга тийиш.

8. Кыргыз Республикасында салык салуу объекти бар чет өлкөлүк уюмдар же резидент эмес-жеке жактар жайгашкан жери боюнча эсепке алуу каттоосу же салык салуу объектин каттоо менен бир учурда салыктык катталууга тийиш.

9. Эгерде ушул беренеде салык төлөөчү үчүн бирден ашуун каттоо жери каралса, салык төлөөчү ушул беренеде каралган каттоочу жерлердин тизмесинен каттоо ордун өз алдынча тандап алууга укуктуу.

10. Дипломатиялык жана аларга теңештирилген өкүлчүлүктөрдү салыктык каттоо Министрлер Кабинети белгилеген тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдары берген маалыматка ылайык алардын жайгашкан жери боюнча салык кызматынын органы тарабынан жүзөгө ашырылат.

11. Ушул беренеге ылайык салык органдарында салыктык каттоо салык төлөөчүнү алгачкы салыктык эсепке алган жер болуп саналат.

12. Салыктык каттоодо субъектиге салык кызматынын органы менен аралыктан өз ара аракеттенүү үчүн анын салык төлөөчүнүн кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгү берилет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2025-жылдын 31-декабрындагы № 262, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-110)  
Кийинки берене: [112-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-112)
