# 110-берене. Салык төлөөчүнү салыктык каттоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 23.07.2024 [Закон КР от 23 июля 2024 года № 136 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и социального страхования"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011207); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 110-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-110

---

1. Кыргыз Республикасында салыктык каттоого Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык салык төлөөчү болуп саналган субъекттер турууга тийиш.

2. Салык төлөөчүлөрдүн, анын ичинде иши токтоп турган салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестри ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

3. Салыктык каттоонун жана Салык төлөөчүлөрдүн мамлекеттик реестрин жүргүзүүнүн тартибин Министрлер Кабинети белгилейт.

Караңыз: Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөрүнүн мамлекеттик реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы N 106 токтомуна) Кыргыз Республикасында салык төлөөчүлөрдү салыктык каттоо тартиби жөнүндө жобо (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-мартындагы N 106 токтомуна)

4. Эгерде юридикалык жактарды, филиалдарды, өкүлчүлүктөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача каралбаса, салык төлөөчүнү салыктык каттоо ушул Кодекске ылайык жүргүзүлөт.

5. Ушул Кодекстин максаттары үчүн патенттин негизинде жеке ишкердик иш жүргүзгөн же өзгөчө режимдеги соода зонасындагы ишке салык төлөгөн жеке жакты салыктык каттоо жеке ишкер катары мамлекеттик каттоо деп таанылат жана жеке ишкер катары каттоого арыз бербестен автоматтык түрдө жүзөгө ашырылат.

6. Салык органы төмөнкүдөй учурларда салык төлөөчүнү салыктык каттоо процесси менен байланышкан салыктык иш-аракеттерди жүзөгө ашыруудан баш тартууга укуктуу:

1) эгерде арыз ээсинин берилген документтеринин маалыматтарында айырмачылыктар болсо, арыз ээсинин инсандыгын идентификациялоо ырасталбаса, берилген документтерде документти идентификациялоого мүмкүндүк бербеген оңдоолор, механикалык бузуулар болсо;

2) тобокелдиктерди башкаруу тутумунда каралган белгилер болсо.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2024-жылдын 23-июлундагы № 136, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [109-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-109)  
Кийинки берене: [111-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-111)
