# 109-берене. Салыктык контролдоо түшүнүгү жана формалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 12-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 31.07.2025 [Закон КР от 31 июля 2025 года № 185 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам уменьшения налоговой нагрузки населения и субъектов предпринимательства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230031070); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-109>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-109.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 109-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-109

---

1. Салыктык контролдоо болуп Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын аткарылышына салык органынын контролу саналат.

2. Салыктык контролдоо төмөнкүдөй формаларда жүзөгө ашырылат:

1) салык төлөөчүнү салыктык каттоо жана эсептик каттоо;

2) бюджетке салыктын түшүүсүн эсепке алуу;

2-1) салык аудити;

3) салыктык текшерүү;

4) рейддик салыктык контролдоо;

5) салык постун коюу;

6) салык төлөөчү тарабынан ККМ колдонуу тартибинин сакталышын контролдоо;

7) салык кызматынын маалыматтык тутумунда салык төлөбөө боюнча тобокелдик факторлору учурда ишти патенттин же өзгөчө режимдеги соода зоналарындагы ишке салыктын негизинде жүзөгө ашырган салык төлөөчүнү кошпогондо, уюмду жоюу же жеке ишкердин ишин токтотууга байланыштуу салыктык жана/же эсепке алуу каттоосун жокко чыгарууда салык төлөөчүнү текшерүү.

3. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйноо жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарды бузгандыгы үчүн жоопкерчиликке тартуу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашырууда камсыздандыруу төгүмдөрүнүн эсептелишин жана төлөнүшүн контролдоо салыктык контролдоого теңдештирилет жана ушул беренеде белгиленген формаларда жүзөгө ашырылат.

4. (КР 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Салык төлөөчүнүн патенттин негизинде жүргүзгөн иши утурлама текшерүүдөн тышкары, патенттин колдонуу мезгилинде көчмө салыктык текшерүүгө тийиш эмес. Салыктык контролдоонун башка формалары ушул Кодекске ылайык жүзөгө ашырылат.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 31-июлундагы № 185, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-108)  
Кийинки берене: [110-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-110)
