# 107-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылар жана айрым жеке жактар тарабынан Бирдиктүү салык декларациясын берүү өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=36891..44293>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 107-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-107

---

1. Ушул берененин колдонулушу төмөнкүдөй жеке жактарга карата жайылтылат:

1) саясий, атайын мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамга;

2) административдик мамлекеттик кызмат ордун ээлеген же убактылуу ээлеп турган адамга;

3) мөөнөттүү аскер кызматын өтөп жаткан аскер кызматчыларын, жогорку аскердик окуу жайларынын курсанттарын, угуучуларын жана иши жашыруун мүнөзгө байланышкан укук коргоо органдарынын аскер кызматчыларын, кызматкерлерин кошпогондо, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерлерине жана аскер кызматчыларына;

4) саясий жана административдик муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган жана ээлеген адамга;

5) Улуттук банктын төрагасына, төрагасынын орун басарына, башкармасынын мүчөлөрүнө;

6) Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсүнө;

7) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөсүнө;

8) мамлекеттик катышуу үлүшү бар мекемелердин, ишканалардын же уюмдардын жетекчисине, жетекчисинин орун басарына.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жыл үчүн Кыргыз Республикасында жана анын аймагынан тышкары ага, ошондой эле анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк, ошондой эле кирешелерди алуунун жана кетирген чыгымдардын негиздемеси жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын жашаган жери боюнча (паспорттук маалыматтарга ылайык) салык органына электрондук түрдө берүүгө милдеттүү.

Ушул берененин максаттары үчүн жакын туугандары деп жубайы (жолдошу), жашы жете элек балдары, декларанттын багуусунда же толук камкордугунда турган, же декларант тарабынан багууга укугу бар адамдар, аларга карата декларанттар жашоого, билим алууга, саламаттык сактоого жана башка зарыл чыгымдарды жабуу бөлүгүндө финансылык чыгымдарды тарткан жашы жеткен балдары, ата-энелери, ага-инилери жана эже-карындаштары таанылат.

3. Отчеттук жыл болуп төмөнкүлөр саналат:

1) 1-январдан тартып 31-декабрга чейинки мезгил;

2) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак кызмат ордун отчеттук жылдын 1-январынан кийин убактылуу ээлеп турууну же ээлөөнү баштаса, анда бул адам кызмат ордун ээлеп баштаган айдын биринен ошол жылдын 31-декабрына чейинки мезгил;

3) эгерде ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жылдын 31-декабрына чейин кызмат ордун убактылуу ээлеп турууну же ээлөөнү токтотсо, анда 1-январдан тартып бул адам кызмат убактылуу ордун ээлеп турууну же ээлөөнү токтоткон айдын акыркы күнүнө чейинки мезгил.

4. Доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде салыктын суммасын өзгөртүүгө алып келген каталар аныкталган учурларда өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүнү кошпогондо, ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жеке жак отчеттук жыл үчүн мурда берилген бирдиктүү салык декларациясына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду отчеттук жылдан кийинки жылдын 30-июнунан кечиктирбестен киргизе алат.

5. Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жана изилдөө жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо жана Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

6. Бирдиктүү салык декларациясы өз убагында берилбеген же берилбеген учурларда, ошондой эле берилген декларацияда толук эмес жана/же анык эмес маалыматтар аныкталган учурларда салык кызматынын органдары тийиштүү материалдарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына жөнөтүүгө милдеттүү.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 , 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [106-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-106)  
Кийинки берене: [108-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-108)
