# 104-берене. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 06.08.2026 [Закон КР от 6 августа 2026 года № 145 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения и неналоговых доходов"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050101); 29.10.2025 [Закон КР от 29 октября 2025 года № 243 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230034409); 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=45757..57656>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 104-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-104

---

1. Салык отчеттулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмеси боюнча доонун эскирүү мөөнөтүнүн ичинде жол берилет.

2. Салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү салык төлөөчү тарабынан такталган салык отчетун түзүү, ошондой эле салык милдеттенмесинин өлчөмүнүн өзгөрүшүнүн себептери жөнүндө тиешелүү маалыматтарды берүү жолу менен жүргүзүлөт.

3. Такталган салык отчету бул өзгөртүүлөр жана толуктоолор кирген салык мезгили үчүн төмөнкүдөй учурда берилет:

1) эгерде ушул Кодексте башкача каралбаса, ушул Кодекске ылайык төлөнүүгө тийиш болгон салыктын суммасын эсептөө, кармап калуу үчүн салыктык база түзөтүлгөн учурда;

2) берилген салык отчеттуулугунда операцияларды чагылдырбоо же толук эмес чагылдыруу фактысы, ошондой эле салыктын суммасынын өзгөрүшүнө алып келүүчү каталар табылган учурда.

4. Төмөнкүдөй салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө жол берилбейт:

1) текшерилүүчү салык мезгилинде - көчмө салыктык текшерүүнү жүргүзүү мезгилинде, анын ичинде мындай текшерүүнү ушул Кодекстин талаптарына ылайык токтото туруу учурларында;

2) эгерде мындай өзгөртүүлөр жана толуктоолор салык кызматынын органдарынын же соттун чечимдеринен айырмаланса жана бул чечимдер жокко чыгарылбаса жана/же жараксыз деп таанылбаса;

3) карызды өндүрүү жөнүндө соттун чечими же салык кызматынын органдарынын аткаруу документтери боюнча аткаруу өндүрүшү болгондо.

5. Салык төлөөчү салык отчеттуулугуна өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүүсү мындай салык төлөөчүгө кылмыш-жаза жоопкерчилиги жана Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик боюнча чараларды колдонууга негиз болуп саналбайт.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37, 2025-жылдын 29-октябрындагы № 243, 2026-жылдын 6-августундагы № 145 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [103-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-103)  
Кийинки берене: [105-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-105)
