# 103-берене. Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=1286441..1286442>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-103>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-103.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 103-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-103

---

1. Салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенмелерди аткаруу датасы деп салык кызматынын органы тарабынан отчеттуулукту кабыл алган дата же ушул Кодекстин 100-беренесинин 7-бөлүгүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн маалымат тутуму электрондук документти кабыл алгандыгы жөнүндө билдирген дата же кайра кабарлоо менен отчеттуулукту почта аркылуу буюртма кат менен жиберүү датасы эсептелет.

2. Эгерде ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө отчеттуулук берилгендигин ырастаган, отчётту кабыл алуу убактысы жана датасы жөнүндө белгиси бар документ болсо, салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенме мөөнөтүндө аткарылды деп эсептелет.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-102)  
Кийинки берене: [104-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-104)
