# 100-берене. Салык отчеттуулугун түзүү жана берүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Салык кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/112340)
- Документтеги орду: 11-глава
- Толук аталышы: 2022-жылдын 18-январындагы № 3 Кыргыз Республикасынын Салык кодекси
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 3
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.08.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.02.2025 [Закон КР от 12 февраля 2025 года № 37 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/230022035); 03.04.2023 [Закон КР от 3 апреля 2023 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере налогообложения"](https://aqlex.ai/kg/doc/112552)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340#diff=13809..27071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112340/edition/1286440/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112340/st-100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Салык кодекси, 100-берене (06.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-100

---

1. Эгерде ушул Кодексте башкача белгиленбесе, салык отчеттуулугу ушул Кодекстин талаптарына ылайык өз алдынча салык төлөөчү, же болбосо салык боюнча өкүл тарабынан түзүлөт.

2. Салык отчеттуулугу мамлекеттик же расмий тилде электрондук документ түрүндө түзүлөт.

3. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Салык отчеттуулугунда көрсөтүлгөн маалыматтардын ишенимдүүлүгү үчүн жоопкерчилик салык төлөөчүгө жүктөлөт.

6. Салык отчеттуулугу салык төлөөчүнүн салыктык каттоодон же эсептик каттоодон өткөн орду боюнча салык органына берилет.

7. Салык төлөөчү, салык өкүлү салык отчеттуулугун Кыргыз Республикасынын электрондук башкаруу жана электрондук кол тамга жөнүндө мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу салык органынын маалымат тутуму же башка маалымат тутумдары аркылуу электрондук документ түрүндө берет.

8. Салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугуна милдеттүү талаптар төмөнкүлөр болуп саналат:

1) салык төлөөчүнүн ИСН, юридикалык жана иш жүзүндөгү дарегин көрсөтүү;

2) салык милдеттенмесин жана салык мезгилин көрсөтүү;

3) салык отчеттуулугуна кол коюу боюнча ушул Кодексте белгиленген талаптар;

4) белгиленген форма боюнча отчеттуулукту түзүү.

9. Салык төлөөчү ушул берененин 8-бөлүгүндө каралган талаптарды бузган учурда, салык кызматынын органы бул чечимди салык төлөөчү алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде бузууларды чететтүү жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө жөнөтөт. Аталган чечимди салык төлөөчү аткарган учурда салык отчеттуулугун берүү боюнча милдеттенме аткарылды деп эсептелет.

10. (КР 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

11. Салык отчеттуулугун толтуруунун жана берүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.

12. Салык төлөөчүнүн электрондук документ түрүндө берүүгө мүмкүнчүлүгү болбогон учурда салык төлөөчү салык отчеттуулугун Министрлер Кабинети белгилген учурларда жана тартипте кагаз алып жүрүүчүдө берүүгө укуктуу.

(КР 2023-жылдын 3-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 12-февралындагы № 37 Мыйзамдарынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [99-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-99)  
Кийинки берене: [101-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112340/st-101)
