Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
6-берене
Күчүндө · 31.12.2022 редакциясы
1. Корголгон беренелер (эмгек акы, Социалдык фондго төгүмдөр, медикаменттерди жана медициналык багыттагы буюмдарды сатып алуу, тамак-аш продуктуларын сатып алуу, социалдык камсыз кылуу боюнча жөлөкпулдар, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдар, стипендиялар), ошондой эле мамлекеттик карыз милдеттенмелери жана мамлекеттик башкаруу секторунун башка бирдиктерине учурдагы гранттар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Социалдык фондго жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна трансферттер) боюнча чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте жүргүзүлсүн.
2. 111-тиркемеде каралган пилоттук министрликтерди кошпогондо, алардын штаттык санынын өзгөрүшүнө алып келген ченемдик укуктук актылардын кабыл алынышы менен бюджеттик мекемелерде бош орундардын түзүлгөндүгүнө байланыштуу корголгон беренелерге каралган суммаларды азайтууга жол берилет.
3. Ушул Мыйзамга ылайык корголгон беренелер боюнча өздүк чыгашаларды толугу менен камсыз кылуу жоопкерчилиги министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөлсүн.
4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2022-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын каржылоону биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жүзөгө ашыруу сунушталсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, административдик ведомстволорго жана башка мамлекеттик органдарга өнүктүрүү фонддорун түзүүгө жана акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн жана башка булактардын эсебинен кызматкерлерди материалдык сыйлоого уруксат берилсин.
Берененин тексти 31.12.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112336/st-6" title="6-берене - Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>