# 2-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112336)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 17-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3125/edition/1221057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112336/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө, 2-берене (31.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-2

---

1. Кыргыз Республикасынын 2022-2024-жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу 3-тиркемеге ылайык жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын 2023-2024-жылдарга республикалык бюджетинин негизги көрсөткүчтөрүнүн төмөнкү болжолу жактырылсын:

1) 2023-жылга кирешелер боюнча болжол - 295853377,0 миң сом суммасында, 2024-жылга - 312163485,8 миң сом суммасында;

2) 2023-жылга чыгашалар боюнча болжол - 303530378,9 миң сом суммасында, 2024-жылга - 303858292,0 миң сом суммасында;

3) Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджетинин тартыштыгынын болжолу - 7677001,9 миң сом суммасында;

4) Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин профицитинин болжолу - 8305193,8 миң сом суммасында.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2023-2024-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүнүн, аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-3)
