# 11-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112336)
- Толук аталышы: КР 2022-жылдын 17-январындагы № 1 "Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 17.01.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.12.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3125/edition/1221057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112336/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.12.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө, 11-берене (31.12.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-11

---

1. Кыргыз Республикасынын 2022-жылга республикалык бюджетинен жергиликтүү бюджеттер үчүн теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрү чыгашалардын 1423225,3 миң сом жалпы суммасында 10-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын 2023-2024-жылдарга республикалык бюджетинен теңдөөчү трансферттердин өлчөмдөрүнүн болжолу 10-тиркемеге ылайык жактырылсын.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергиясын кошпогондо) боюнча чыгашаларды каржылоого жумшасын.

4. Республикалык бюджеттен теңдөөчү трансферттердин эсебинен коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр (электр энергиясын копшогондо) боюнча чыгашаларды толук каржылоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жоопкерчилик тартат.

5. Мыйзамдарда каралган ыйгарым укуктардын чегинде жергиликтүү бюджеттердин кирешелери көбөйгөн учурда кийинки үч жылга теңдөөчү трансферттердин өлчөмү азайтылууга жатпайт.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112336/st-12)
