# КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы

- Толук аталышы: КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 152
- Кабыл алынган күнү: 17.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112335>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3124/edition/1117091/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112335.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР 2021-жылдын 17-декабрындагы № 152 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Мыйзамы (17.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112335

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2021-жылдын 17-декабры № 152 "Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

### [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112335/st-1)

"Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин Тоо" газетасы, 2021-жылдын 5-январы, № 1) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

а) 1-бөлүгүндө "172891648,6" жана "181354848,5" деген цифралар тиешелүүлүгүнө жараша "188189593,7" жана "207400567,7" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 2-бөлүгүндө "8463199,9" деген цифралар "19210974,0" деген цифраларга алмаштырылсын;

в) 3-бөлүгүндө "8463199,9" деген цифралар "19210974,0" деген цифраларга алмаштырылсын;

2) 2-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2022-2023-жылдарга жактырылган Кыргыз Республикасынын консолидацияланган бюджетинин болжолдуу көрсөткүчтөрүн аларды ар бир конкреттүү мезгилге кабыл алууда тактоо жүргүзүүгө укуктуу.";

3) 5-беренеде:

а) 2-бөлүгүндө "3000000,0" деген цифралар "6206500,0" деген цифраларга алмаштырылсын;

б) 4-бөлүгүнүн биринчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Дем берүүчү (үлүштүк) гранттарды каржылоого бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 2021-жылга 526600,0 миң сом, 2022-жылга - 600000,0 миң сом, 2023-жылга - 600000,0 миң сом суммасында бекитилсин.";

4) 6-берененин 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"4. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-2023-жылдарга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларын биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча каржылоону жүзөгө ашыруу сунушталсын.";

5) 7-беренеде "Өкмөтү" деген сөз "Министрлер Кабинети" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6) 11-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары теңдөөчү трансферттерди биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер, коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр жана көмүр сатып алуу боюнча чыгашаларды каржылоого багыттасын.";

7) 19-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бюджеттин ушул көрсөткүчтөрүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмүндөгү учурдагы өзгөрүүлөргө ылайык бюджеттик каражаттардын башкы тескөөчүлөрүнүн сметалык дайындоолоруна өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.";

8) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2, 11-1, 11-2-тиркемелери ушул Мыйзамдын 1, 2, 3, 3-1, 4, 5, 6, 7, 8, 8-1, 8-2, 11-1, 11-2-тиркемелерине ылайык редакцияда баяндалсын.

### [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112335/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. "Эркин Тоо" газетасынын 2021-жылдын 21-декабрындагы № 151-153 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 27-октябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган
