# 9-берене. Баалоо ишин жүзөгө ашырууда мүлктүк жоопкерчиликти камсыз кылуу

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 9-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-9

---

Баалоо объектинин рыноктук же башка наркынын баалоо жөнүндө отчётто көрсөтүлгөн жыйынтыктоочу чоңдугун колдонуунун натыйжасында тапшырыкчыга келтирилген чыгашалар, же үчүнчү жактарга келтирилген мүлктүк зыяндын орду Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык орду толтурулууга тийиш. Баалоо объектинин рыноктук же башка наркынын жыйынтыктоочу чоңдугун пайдалануунун натыйжасында тапшырыкчыга келтирилген чыгашалардын же үчүнчү жактарга келтирилген мүлктүк зыяндын ордун толтуруу баалоочунун (баалоочу уюмдун) жана камсыздандыруучу уюмдун ортосунда түзүлгөн баалоочунун (баалоочу уюмдун) жарандык-укуктук жана (же) кесиптик жоопкерчилигин камсыздандыруу келишиминде белгиленген тартипте жана шарттарда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эсебинен жүргүзүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-10)
