# 8-берене. Баалоочунун көз карандысыздыгы

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 8-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-8

---

1. Баалоочу баалоо ишин жүзөгө ашырууда ак ниет, көз карандысыз жана объективдүү аракеттенүүгө, кызыкчылыктардын кагылышуусунан жана кесиптик милдеттерге шайкеш келбеген ар кандай аракеттерден же кырдаалдардан оолак болууга милдеттүү.

Эгерде бул баалоо жүргүзүүнүн натыйжасынын аныктыгына, анын ичинде баалоо жүргүзүүдө тактоого тийиш болгон суроолордун чөйрөсүн чектөөгө терс таасирин тийгизе турган болсо, тапшырыкчынын, же болбосо баалоочунун ишине кызыкдар башка жактардын кийлигишүүсүнө жол берилбейт.

2. Көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө жол берилбейт, эгерде:

а) баалоочу баалоо объектине карата баалоо келишиминен тышкары буюмдук же милдеттендирилген укуктарга ээ болсо;

б) баалоочу юридикалык жактын уюмдаштыруучусу, менчик ээси, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу, же болбосо юридикалык жак баалоочунун уюмдаштыруучусу, акционери, кредитору, камсыздандыруучусу болуп саналса;

в) баалоочу баалоо объектинин кызматкери болуп саналса;

г) баалоочу тапшырыкчы менен, баалоо объектинин жетекчилигине мүчө болгон кимдир бирөөсү менен, ошондой эле ушул бөлүктө саналып өткөн адамдар менен түздөн-түз туугандык мамиледе болгон адам болуп саналса;

д) баалоочу баалоо объектинин жетекчиси, энчилеш ээси же туунду коомунун же филиалынын (өкүлчүлүгүнүн) кызматкери, баалоо объектинин энчилеш ээси болуп саналса.

---

Мурунку берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-7)  
Кийинки берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-9)
