# 7-берене. Баалоочунун милдеттери

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 7-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-7

---

Баалоочу (баалоочу уюм) төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) баалоо ишин жүзөгө ашырууда ушул Мыйзамдын жана баалоо стандарттарынын талаптарын сактоого;

2) баалоочулардын иштиктүү жана кесиптик этикасынын ченемдерин сактоого;

3) баалоо жөнүндө анык эмес отчет түзүүгө жол бербөөгө;

4) объективдүү жана көз карандысыз баалоо жүргүзүүгө тоскоолдук кылуучу жагдайлар жаралган учурда, баалоочу баалоо жүргүзүүгө өзүнүн катышууга мүмкүнчүлүгү жок экендиги жөнүндө тапшырыкчыга же аны менен эмгек келишимин түзгөн баалоочу уюмга билдирүүгө;

5) баалоо жүргүзүүнүн жүрүшүндө тапшырыкчыдан жана үчүнчү жактардан алынуучу документтердин, маалыматтын сакталышын жана купуялуулугун камсыз кылууга;

6) баалоо жөнүндө түзүлгөн отчетторду үч жыл аралыгында сактоого;

7) баалоо объектин түздөн-түз текшерип чыгууну жүзөгө ашырууга, ошондой эле ал боюнча өз укугун башкага ишенип бербей туруп, документтерди изилдеп чыгууга;

8) баалоо жөнүндө отчеттордун сакталып турган көчүрмөлөрүн же башка маалыматтарды мамлекеттик органдарга, башка уюмдарга, кызмат адамдарына алардын талабы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте берүүгө.

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-8)
