# 6-берене. Баалоочунун укуктары

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 6-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-6

---

Баалоочу (баалоочу уюм) төмөнкүлөргө укуктуу:

1) баалоо стандарттарына ылайык баалоо ыкмаларын жана баалоо мамилелерин өз алдынча колдонууга;

2) баалоо жүргүзүүдө тапшырыкчыдан баалоо объектине, ошондой эле баалоону жүзөгө ашыруу үчүн керек болгон документацияга толук көлөмдө жетүүнү камсыз кылууну талап кылууга;

3) тапшырыкчынын түшүндүрмөсүн, ошондой эле баалоону жүзөгө ашыруу үчүн керектүү кошумча маалыматтарды алууга;

4) баалоону жүргүзүүгө, зарылдыгына жараша, тиешелүү жааттардагы адисти (адистерди) келишимдик негизде катышууга тартууга;

5) баалоону жүргүзүүдөн баш тартууга. эгерде тапшырыкчы:

а) баалоону аткаруу үчүн керектүү документтерди бербесе, же толук эмес, же так эмес маалыматтарды камтыган документтерди берсе;

6) баалоо объектин инспектирлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылбаса;

в) баалоонун натыйжаларына таасир этүү максатында баалоочунун иш-аракетине кийлигишсе;

6) мамлекеттик, коммерциялык жана мыйзам менен корголгон башка сырды түзүүчү маалыматтарды кошпогондо, үчүнчү жактардан баалоо жүргүзүү үчүн керектүү маалыматты жазуу же оозеки формасында сурап алууга.

---

Мурунку берене: [5-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-5)  
Кийинки берене: [7-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-7)
