# 5-берене. Баалоо ишинин субъекттери

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 5-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-5

---

1. Баалоо ишинин субъекттерине төмөнкүлөр кирет:

1) баалоочу жана баалоочу уюм;

2) тапшырыкчы жана баалоо кызмат көрсөтүүлөрүн керектөөчү;

3) баалоочулардын кесиптик бирикмеси;

2. Баалоочу ишин төмөндөгүдөй жүзөгө ашыра алат:

- жеке ишкер катары;

- баалоочу уюм же баалоо анын ишинин негизги түрү болуп саналбаган юридикалык жак менен эмгек келишимин түзгөн баалоочу - кызматкер катары.

3. Банктык, финансылык, аудитордук, консалтингдик жана кызматтардын башка түрлөрүн көрсөтүүчү, ишинин негизги түрү баалоо болбогон юридикалык жактын баалоочусу тарабынан жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары мындай юридикалык жак тарабынан ички гана максаттар үчүн колдонулат. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башкача белгиленбесе, мындай учурларда баалоонун натыйжаларын берүү методологиясы, жүргүзүү тартиби жана формасы ушул Мыйзам жана баалоо стандарттары менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-6)
