# 3-берене. Ушул Мыйзамда пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 3-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-3

---

Ушул Мыйзамда төмөнкү негизги түшүнүктөр пайдаланылат:

1) баалоо - баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан ушул Мыйзамга жана ушул Мыйзамдан келип чыккан башка ченемдик укуктук актыларга ылайык жүргүзүлүүчү, конкреттүү датага карата абал боюнча баалоо объектинин наркын аныктоо (эсептөө) процесси;

2) баалоочу (көз карандысыз адис-баалоочу) - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген, баалоо ишин жүзөгө ашырууга квалификациялык сертификаты бар жеке жак;

3) баалоочу уюм - мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоодон өткөн, ишинин негизги түрү баалоо иши болуп саналган жана штатында квалификациялык сертификаты бар экиден кем эмес баалоочусу болгон юридикалык жак;

4) тапшырыкчы - баалоо жүргүзүү келишимин түзгөн жеке жана (же) юридикалык жак;

5) кадастрдык баалоо - мамлекеттик кадастрдык эсепке алынууга тийиш болгон баалоо объектинин наркын баалоо;

6) баалоо жөнүндө отчет - баалоо объектинин наркы жөнүндө кесипкөй пикирди тастыктоо үчүн жүргүзүлгөн баалоонун натыйжалары боюнча баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан түзүлгөн жазуу жүзүндөгү документ;

7) баалоо иши - баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан жүзөгө ашырылуучу, баалоо объекттерине карата рыноктук, кадастрдык же объекттин наркын баалоо стандарттарында каралган башка бааны белгилөөгө багытталган кесиптик иш;

8) кайрадан баалоо - кайрадан текшерүү же алынган натыйжаны актуалдаштыруу зарылдыгы болгон учурда, мурда бааланган объектке карата жүргүзүлгөн баалоо;

9) сертификаттоо - баалоочунун баалоо ишин жүзөгө ашыруусу үчүн квалификациясынын жана кесиптик билимдеринин тиешелүү деңгээлин ырастоонун милдеттүү жол-жобосу;

10) квалификациялык сертификат - белгиленген тартипте берилүүчү жана баалоочунун баалоо ишин жүзөгө ашыруусу үчүн зарыл болгон квалификациясынын жана кесиптик билимдеринин бар экендигин тастыктоочу документ;

11) нарк - баалоо объектинин баалуулугунун акчалай суммада туюндурулган эквиваленти;

12) баалоо стандарты - мүлктүн наркын баалоого карата ченемдердин, эрежелердин, талаптардын комплексин белгилөөчү, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилүүчү ченемдик документ;

13) ыйгарым укуктуу орган - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу аткаруу бийлигинин органы, баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу орган.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-4)
