# 24-берене. Баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салуу

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 24-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-24

---

1. Баалоо ишин мамлекеттик жөнгө салуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.

2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:

1) баалоо иши жаатындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алат;

2 ) төмөнкүлөрдүн тартибин аныктайт:

- баалоочуларды сертификаттоо жүргүзүү;

- баалоо иши жаатындагы Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын баалоочулар жана баалоочу уюмдар тарабынан сакталышын контролдоо;

- баалоочунун квалификациялык сертификатын чакыртып алуу, токтотуп туруу жана баалоочунун квалификациялык сертификатынын иш-аракетин жандандыруу;

- баалоочу уюмдардын ишин токтотуп туруу жана жандандыруу.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын алдында баалоо ишин өнүктүрүү боюнча баалоочулардын, мамлекеттик органдардын, баалоочу уюмдардын, ошондой эле башка кызыкдар жактардын өкүлдөрүнүн ичинен кеңеш түзүлөт, Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңештин иштөө тартиби жана ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Жеке жактарды сертификаттоо алардын квалификациясын жана кесиптик билимдерин тастыктоо максатында андан ары тиешелүү категориядагы квалификациялык сертификатты берүү менен жүргүзүлөт. Сертификаттоо тартиби, квалификациялык сертификаттардын категориялары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

Баалоочу ишти жүзөгө ашыруусу үчүн баалоочунун квалификациялык сертификатынын болушу милдеттүү шарт болуп саналат. Баалоочу уюмдун баалоо ишин жүзөгө ашыруусу үчүн баалоо уюмун ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктчасынын талаптарына шайкеш келтирүүсү милдеттүү шарт болуп саналат.

5. Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоочу уюмдарынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн баалоочуда квалификациялык сертификаттын болушу негиз болуп саналат.

Ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктчасынын талаптарына шайкеш келген баалоочу уюмдар Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоо уюмдарынын мамлекеттик реестрине киргизилет. Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоочу уюмдарынын мамлекеттик реестри баалоочулар жана баалоочу уюмдар жөнүндө маалыматтарды камтыган маалыматтык система болуп саналат. Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын жана баалоочу уюмдарынын мамлекеттик реестрин жүргүзүү тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

6. Төмөнкү негиздердин бири болгондо, баалоочунун квалификациялык сертификаты чакыртып алынат:

1) сертификаттоого киргизүүгө керек болгон жасалма документтерди пайдалануу менен квалификациялык сертификатты алган факты аныкталганда;

2) баалоочуну баалоо иши менен алектенүү укугунан ажыратуу түрүндө жаза каралган соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде;

3) ушул Мыйзамда, баалоо стандарттарында жана баалоо иши жаатында ченемдик укуктук актыларда белгиленген талаптарды баалоочу (баалоочу уюм) тарабынан системалык түрдө (экиден ашык жолу) бузуу фактылары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аныкталганда;

4) баалоочу тарабынан түзүлгөн баалоо жөнүндө корутундуну (отчетту, рецензияны) билип туруп, анык эмес (жалган) деп таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.

Ушул берененин 6~бөлүгүнүн 3-пункту менен каралган негиз боюнча баалоочунун сертификаты чакыртылып алынган жак квалификациялык сертификат чакыртылып алынган күндөн тартып бир жыл өткөнгө чейин сертификаттоодон өтүүгө укуктуу.

7. Баалоочунун квалификациялык сертификатынын колдонулушу төмөнкү негиздердин бири болгондо токтотулуп турат:

1) баалоочунун арызынын негизинде;

2) баалоочунун ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталганда;

Ушул Мыйзам менен жана баалоо стандарттарында белгиленген бузуулар баалоочу тарабынын жоюлганда квалификациялык сертификатынын колдонулушу жандандырылууга тийиш.

8. Баалоочу уюмдун иши төмөнкү негиздер болгондо токтотулуп турат:

1) баалоочу уюмдун арызынын негизинде;

2) баалоочу уюм тарабынан ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген талаптарды одоно бузуу фактысы аныкталганда;

3) баалоочу уюмдун ушул Мыйзамдын 3-беренесинин 3-пунктчасынын талаптарына шайкеш келбөө фактысы аныкталган учурда.

Ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген бузуулар баалоочу уюм тарабынан жоюлганда, анын иши жандандырылууга тийиш.

9. Баалоочу уюмдун иши төмөнкү негиздер болгондо токтотулат:

1) баалоочу уюм тарабынан ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген талаптарды системалуу түрдө бузуу (экиден көп жолу) фактылары аныкталганда;

2) баалоочу уюм тарабынан билип туруп анык эмес (жалган) түзүлгөн баалоо жөнүндө корутундуну (отчетту, рецензияны) таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-25)
