# 21-берене. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 21-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-21

---

1. Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо баалоо жөнүндө текшерилүүчү отчеттун ушул Мыйзамда жана баалоо стандарттарында белгиленген, коюлган талаптарына шайкештигин аныктайт жана демилгелеген тараптын эсебинен жүргүзүлөт.

Баалоо жөнүндө отчетту рецензиялоо баалоо иши чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес практикалык кесиптик иш тажрыйбасына ээ болгон жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган тартипте берилген квалификациялык сертификаты бар баалоочу тарабынан аткарылат.

2. Баалоо жөнүндө отчётту рецензиялоо тартиби, рецензиялоонун жыйынтыктары боюнча түзүлүүчү корутундуга карата талаптар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-22)
