# 19-берене. Баалоо жүргүзүү келишимине карата милдеттүү талаптар

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 19-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-19

---

1. Баалоо кызматтарын көрсөтүү жөнүндө келишимге карата Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүү келишими жөнүндө ченемдер жана баалоо иши жаатындагы ченемдик укуктук актылар колдонулат.

2. Баалоо жүргүзүү келишиминде төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

1) тараптардын реквизиттери:

а) жеке адам үчүн - фамилиясы, аты, атасынын аты, паспорттук маалыматтар, иш жүзүндө жашаган жери;

б) юридикалык, анын ичинде баалоочу аны менен эмгек келишимин түзгөн жак үчүн - фирмалык аталышы, каттоо номери, ИНН, ИУЖК коду, жайгашкан жери (юридикалык дареги);

2) баалоо объектинин аталышы жана (же) жайгашкан жери, баалоо объектинин түрү;

3) баалоо объектинин сыпатталышы;

4) баалоо объектинин наркын аныктоо датасы;

5) баалоо жүргүзүүнүн максаты;

6) баалоонун түрү;

7) аныкталуучу наркынын түрү;

8) баалоо жүргүзүү мөөнөтү;

9) баалоо жүргүзүүдө колдонула турган баалоо стандартына көрсөтмө;

10) тараптардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчилиги;

11) баалоо объектине тапшырыкчынын менчик укугун ырастоочу документтин реквизиттерин, же болбосо тапшырыкчыга баалоо жүргүзүү келишимин түзүүгө укук берүүчү башка негиздер;

12) баалоочунун квалификациялык сертификатынын реквизиттери (аны берген органды көрсөтүү менен номери жана берген датасы);

13) баалоочунун (баалоочу уюмдун) мүлктүк жоопкерчилиги маселелерин сотко чейинки жөнгө салууга тапшырыкчынын укугу;

14) баалоочунун (баалоочу уюмдун) мүлктүк жоопкерчилигин камсыз кылуу жөнүндө маалыматтар;

15) Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында жана ушул Мыйзамда каралган башка маалыматтар.

3. Баалоо жүргүзүлгөн дата болуп баалоо объектинин ошол күндөгү абалы боюнча наркы аныкталган күн эсептелет.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-20)
