# 18-берене. Баалоо ишин жүзөгө ашыруу негиздери жана шарттары

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2023 года № 147 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере государственных закупок"](https://aqlex.ai/kg/doc/112635)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334#diff=1268518..1268519>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 18-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-18

---

1. Баалоо жүргүзүү үчүн негиз болуп баалоочунун (баалоочу уюмдун) жана тапшырыкчынын ортосунда Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына жана ушул Мыйзамга ылайык түзүлгөн баалоо жүргүзүү келишими саналат. Баалоочунун (баалоочу уюмдун) кызмат көрсөтүүлөрүн сатып алуу зарылдыгы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларды кошпогондо, тапшырыкчы баалоочуну (баалоо уюмун) тандоодо көз каранды болбойт.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда баалоо объектин баалоо, анын ичинде кайрадан баалоо, баалоочу тарабынан соттун, бейтарап соттун аныктамасынын негизинде жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Эксперт катары тартылган баалоочу тарабынан баалоо жүргүзүү үчүн негиз болуп Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарына ылайык чыгарылган баалоону дайындоо жөнүндө токтом саналат.

4. Баалоо объектине баалоо жүргүзүү менен байланышкан чыгымдар, ошондой эле баалоочуга акчалай сыйакылар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте орду толтурулууга (төлөнүүгө) тийиш.

(Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-19)
