# 16-берене. Кадастрдык баалоо

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 16-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-16

---

1. Кадастрдык баалоо мамлекеттик кадастрдык эсепке алууну жүргүзүү максатында объекттердин кадастрдык наркын аныктоо үчүн жана жерлерди пайдалануунун натыйжалуулугунун деңгээлин, мамлекеттик жана коомдук муктаждыктар үчүн жерлерди алып коюуда жоготуулардын жана зыяндардын ордун толтурууну белгилөө үчүн жүргүзүлөт.

Кадастрдык баалоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, зарыл болгондо кадастрдык баалоого баалоочуларды же баалоочу уюмдарды тартууга укуктуу.

2. Кадастрдык баалоонун тартиби, аны жүргүзүүнүн мезгилдүүлүгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Кадастрдык баалоо жана объекттердин кадастрдык наркы боюнча талаш-тартыштарды чечүү үчүн кадастрдык баалоонун катышуучулары жана кызыкдар жактар болуп саналбаган баалоочулар же баалоочу уюмдар тартылат.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-17)
