# 14-берене. Көз карандысыз баалоо жүргүзүүнүн милдеттүүлүгү

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 14-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-14

---

Баалоочуларды (баалоочу уюмдарды) тартуу менен көз карандысыз баалоо жүргүзүү төмөнкү учурларда милдеттүү болуп саналат.

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик ишкана жана өз мүлкү менен инвестициялык долбоорлордо (51 пайыз же андан жогору) мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбачыл субъекттер катышкан учурда;

2) катышуучунун үлүшүн акчалай эмес формада берген учурда юридикалык жактардын уставдык капиталын каттоодон өткөргөндө;

3) ээсиз мүлктү мамлекеттин же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын менчигине баланска кабыл алганда;

4) камсыздандыруу учуру келгенде мүлктүн, камсыздандыруу тобокелдигинин же келтирилген залалдын камсыздандыруу наркын баалоо жөнүндө талаш пайда болгондо;

5) мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү менчиктештиргенде;

6) мамлекеттик мүлктү жана менчикте мамлекеттин үлүшү бар субъекттердин мүлкүн ишенимдүү башкарууга өткөрүп бергенде;

7) мамлекеттик же коомдук муктаждыктар үчүн менчик ээсинин мүлкүн улутташтырууда, аны конфискациялоодо, сатып алууда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка мажбурлап акысыз тартып алууда;

8) карызкордун мүлкүн банкроттук процесстин алкагында тоорукка коюуда;

9) жоюлуп жаткан мамлекеттик ишкананын жана (же) мамлекеттик катышуу үлүшү бар чарбачыл коомдун кийинкисинде ээликтен ажыратуу жана карызкордун талаптарын канааттандыруу үчүн мүлкүнүн наркын аныктоодо;

10) кайра уюштурулган юридикалык жактардын башкаруу органдарынын чечимине же кайра уюмдаштыруу жөнүндө келишимге ылайык, мамлекеттин катышуу үлүшү бар чарбачыл коомду кайра түзүүдө, өткөрүлүп берилүүчү (кабыл алынуучу) мүлктүн наркын аныктоодо;

11) кадастрдык эсепке алууга тийиш болгон объектинин кадастрдык наркы жөнүндө талаш пайда болгондо;

12) мамлекеттик жана сот органдарынын талаптары жана (же) чечимдери болгондо;

13) кыймылсыз мүлк түрүндөгү күрөө предметин өндүрүп алууда жана мыйзамдардын талаптарына ылайык өндүрүүнү күрөөгө коюлган мүлккө айландыруунун алкагында финансы-кредиттик уюмдун балансына алууда;

14) Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында каралган башка учурларда.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-15)
