# 13-берене. Объекттин наркы

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 13-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-13

---

1. Объекттин наркы анын жекече өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде максаттуу дайындалышын, баалуулугун, кирешелүүлүгүн, пайдалануу натыйжалуулугун, жарактуулугун, ага болгон суроо-талап менен сунушту жана конкреттүү датага же убакыттын белгилүү мезгилине карата түзүлгөн башка факторлорду эске алуу менен аныкталат.

2. Объекттин наркы рыноктук, же баалоо стандарттарына ылайык башкача болушу мүмкүн жана ал үчүн баалоо жүргүзүлүп жаткан максатка жана ченемдик укуктук актылардын талаптарына жараша, баалоочу кызмат көрсөтүүлөрдүн тапшырыкчысынын каалоосу боюнча аныкталат.

Рыноктук нарк деп тийиштүү маркетингден кийин, тараптардын ар бири компетенттүү, сарамжалдуу жана мажбурлоосуз аракет кылып жаткан учурдагы коммерциялык бүтүмдө сатып алууга даяр сатып алуучунун жана сатууга даяр сатуучунун ортосунда баалоо датасына карата мүлктү алмашууга боло турган эсептик акчалай сумма түшүнүлөт.

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-14)
