# 11-берене. Баалоо стандарттары

- Документ: [Баалоо иши жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112334)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 155 "Баалоо иши жөнүндө" мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 155
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.07.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3123/edition/1268518/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112334/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.07.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баалоо иши жөнүндө, 11-берене (25.07.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-11

---

1. Баалоо стандарттары мүлктүн наркын баалоо тартибине карата ченемдердин, эрежелердин, талаптардын комплексин белгилейт жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

Баалоо стандарттары Кыргыз Республикасынын баалоочуларынын (баалоочу уюмдардын) баалоо объектинин наркынын түрүн, баалоо мамилелерин жана баалоо ыкмаларын аныктоодо, ошондой эле менчиктин бардык формасындагы мүлктөрдүн наркына баалоо жүргүзүүдө колдонуусу милдеттүү болуп саналат.

2. Баалоо стандарттары баалоонун эл аралык стандарттарын эске алуу менен иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын баалоо иши жөнүндө мыйзамдарына ылайык келиши керек.

---

Мурунку берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-10)  
Кийинки берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112334/st-12)
