7-берене. Сатып алуучу
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 мая 2025 года № 98
1. Сатып алуучу электрондук бүтүмдө төмөнкүлөргө укуктуу:
1) сатып алуу үчүн сунушталып жаткан товар жана/же кызмат көрсөтүү жөнүндө толук жана анык маалымат алууга жана аларды эркин тандоого;
2) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өзүнүн укуктарын коргоого;
3) товардан баш тартууга/кайтарып берүүгө.
2. Сатып алуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) электрондук бүтүм жасоо үчүн өзү жөнүндө анык маалыматтарды берүүгө;
2) товарларды жана/же жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алууну ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга.
3) сатуучуларга, соода платформасынын операторлоруна жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга карата ак ниеттүүлүк менен иш алып баруу.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"Редакцияларды салыштыруу
19.05.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга. кошулду: 3) сатуучуларга, соода платформасынын операторлоруна жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга карата ак ниеттүүлүк менен иш алып баруу. (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112333/st-7" title="7-берене - Электрондук соода жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>