# 19-берене. Ортомчулар тарабынан интеллектуалдык менчик объекттерине укуктардын корголушу

- Документ: [Электрондук соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112333)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Электрондук соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3122/edition/1263144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112333/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук соода жөнүндө, 19-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-19

---

1. Ортомчу укук ээсинен сатуучу же соода платформасынын оператору тарабынан интеллектуалдык менчикке укуктары бузулганы жөнүндө кабарлама алган учурда, мындай кабарламаны ал кызмат көрсөткөн соода платформасынын сатуучусуна же операторуна кайра жөнөтүүгө милдеттүү.

2. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялар аркылуу электрондук билдирүүлөрдү жана электрондук документтерди өткөрүп берүүнү жүзөгө ашыруучу же электрондук билдирүүлөр менен электрондук документтерди Интернет желесине жайгаштыруу мүмкүнчүлүгүн берүүчү ортомчу, тиешелүүлүгүнө жараша бул өткөрүп берүүнүн жана жайгаштыруунун натыйжасында болгон интеллектуалдык менчикке укуктарды бузганы үчүн төмөнкү шарттарды сактаганда жоопкерчилик тартпайт:

1) эгерде ал өткөрүп берүүнүн жана жайгаштыруунун демилгечиси болуп саналбаса жана кабыл алуучуну аныктабаса;

2) материалды өткөрүп берүүнүн технологиялык процессин камсыз кылуу үчүн жүзөгө ашырылуучу өзгөрүүлөрдү кошпогондо, эгерде ал байланыш кызматтарын көрсөтүүдө электрондук билдирүүлөрдү жана электрондук документтерди өзгөртпөсө.

3. Ортомчу тарабынан ушул берененин 2-бөлүгүндө каралган шарттар сакталбаганда, ортомчу соода платформасынын сатуучусу же оператору менен бирдей жоопкерчилик тартат.

---

Мурунку берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-18)  
Кийинки берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-20)
