# 17-берене. Сатуучу тарабынан интеллектуалдык менчик объекттерине укуктардын корголушу

- Документ: [Электрондук соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112333)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Электрондук соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3122/edition/1263144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112333/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук соода жөнүндө, 17-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-17

---

1. Сатуучу Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык интеллектуалдык менчик объекттерине укуктарды сактоого тийиш.

2. Интеллектуалдык менчик объектине өзгөчө укукка ээ адам (укук ээси), эгерде мындай укук сатуучу тарабынан бузулган учурда, бул туурасында сатуучуга мындай мыйзам бузууну токтотууну талап кылуу менен кабарлама жөнөтүүгө укуктуу.

3. Укук ээсинин сатуучуга анын интеллектуалдык менчик объектине укугу бузулганы жөнүндө кабарламасында мындай укуктарды ырастоочу маалымат камтылуусу керек.

4. Сатуучу ушул берененин 2-бөлүгүндө көрсөтүлгөн кабарламаны алгандан кийин:

1) тиешелүү веб-шилтемелерди тосмолоо жолу менен тиешелүү товарларды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатууну токтото турат жана бул тууралуу укук ээсине билдирет; же

2) авторго/укук ээсине интеллектуалдык менчикке укуктарды бузуу жок экени тууралуу жооп жөнөтөт, ал өзүнө бузуулардын жоктугунун далилин камтыйт.

5. Сатуучунун ушул беренеде белгиленген интеллектуалдык менчикке укуктарды коргоо боюнча иш-аракеттери болбогондо, укук ээси укуктарын коргоо үчүн компетенттүү мамлекеттик же сот органдарына кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-18)
