# 16-берене. Электрондук документтерди архивдик сактоонун тартиби, шарттары жана өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Электрондук соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112333)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Электрондук соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3122/edition/1263144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112333/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук соода жөнүндө, 16-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-16

---

1. Электрондук документтерди Мамлекеттик архивге өткөрүп берүүдө жака сактоодо тараптар алардын бүтүндүгүн, корголушун жана электрондук документтин кагаз формасында резервдик көчүрмөлөө мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү.

2. Электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү архивдик сактоо мөөнөттөрү архивдик иштер боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген сактоо мөөнөттөрүнө ылайык келиши керек.

3. Электрондук документтер мамлекеттик органдардын жана электрондук бүтүмдүн тараптарынын суроо-талаптары боюнча Кыргыз Республикасынын архив иши боюнча мыйзамдарына ылайык берилет.

4. Электрондук бүтүмдүн тараптары өздөрүнүн электрондук документтерин электрондук документтерди депозитардык сактоо боюнча кызматтарды көрсөтүүнү үчүнчү жактарга убактылуу архивдик сактоого өткөрүп берүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-17)
