# 15-берене. Коопсуздукту жана санарип туруктулугун камсыз кылуу боюнча талаптар

- Документ: [Электрондук соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112333)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Электрондук соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 июля 2025 года № 180 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в связи с принятием Цифрового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029901)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333#diff=32864..35680>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3122/edition/1263144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112333/st-15.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук соода жөнүндө, 15-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-15

---

1. Электрондук соода чөйрөсүндөгү укуктук мамилелердин катышуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) өздөрүнүн маалыматтык тутумдарын, электрондук документтерин жана билдирүүлөрүн сактоо жана коргоо чөйрөсүнүн, алардын аныктыгын текшерүү ыкмаларынын корголушунун зарыл деңгээлин аныктоого жана камсыз кылууга;

2) тобокелдиктерди төмөндөтүү, маалыматтык коопсуздук коркунучтарын болтурбоо боюнча иш-аракеттерди алдын ала кароого;

3) электрондук документтердин жана билдирүүлөрдүн мазмунун жана/же аларды пайдалануунун тартибин өзгөртпөөгө.

2. Маалыматтык тутумдарда электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү электрондук бүтүмдөрдүн контролунан тышкары жүгүрткөн, жөнөткөн же сактаган ортомчулар төмөнкүлөр үчүн жоопкерчилик тартышат:

1) электрондук документтердин жана билдирүүлөрдүн коопсуздук талаптарын, коргоо жана алардын аныктыгын камсыз кылуу талаптарын аткарбаганы;

2) электрондук документтерде жана билдирүүлөрдө маалыматтарды жоготкону, бурмалаганы жана/же өзгөрткөнү;

3) жеке корреспонденцияны ачканы жана караганы;

4) электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү жасалмалаганы;

5) үчүнчү жактардын башка мыйзамсыз кийлигишүүлөрү.

3. Электрондук сооданын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинде белгиленген талаптарга ылайык электрондук соода чөйрөсүндө санарип туруктуулугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

(КР 2025-жылдын 31-июлундагы № 180 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-14)  
Кийинки берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-16)
