# 14-берене. Электрондук документтерди жана билдирүүлөрдү алмашууну уюштурууга карата жалпы талаптар

- Документ: [Электрондук соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112333)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 22-декабрындагы № 154 "Электрондук соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 154
- Кабыл алынган күнү: 22.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3122/edition/1263144/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112333/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Электрондук соода жөнүндө, 14-берене (31.07.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-14

---

1. Электрондук документ же билдирүү төмөнкү учурларда жөнөтүүчүдөн кетти деп эсептелет, эгерде ал:

1) жөнөтүүчүнүн өзү же жөнүтүүчүнүн атынан аракеттенген, ал ыйгарым укук берген адам тарабынан жөнөтүлсө;

2) пайдалануунун өзгөчө укугу жөнөтүүчүгө таандык болгон маалыматтык тутумдун аккаунтунан автоматтык түрдө түзүлсө жана анын атынан жөнөтүлсө.

2. Эгерде документ товарды, жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун интернет-ресурсуна же алуучунун почта серверине келип түшсө же болбосо адресат тарабынан документти алганы жооп-билдирүү менен ырасталса, электрондук документ же билдирүү алынды деп эсептелет.

3. Келишим боюнча товарды, жумуштарды жана/же кызмат көрсөтүүлөрдү сатуучунун же сатып алуучунун интернет-ресурсуна келип түшкөн жана алуучу тарабынан аны алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн учур электрондук документти же билдирүүнү алуу убактысы болуп саналат.

4. Документ же билдирүү жөнөтүүчүнүн же анын атынан аракеттенген ыйгарым укуктуу адамдын маалыматтык тутуму боюнча жөнөтүлгөн учур, электрондук документтин жөнөтүлгөн убактысы болуп саналат.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112333/st-15)
