10-берене. Акцепт
Күчүндө · 31.07.2025 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 19 мая 2025 года № 98
1. Ушул Мыйзамдын максатында сатуучу тарабынан аныкталуучу офертанын төмөнкү ыкмаларынын биринин шарттарын сатып алуучунун кабыл алышы акцепт деп таанылат:
1) сатып алуучунун товарды жана/же кызмат көрсөтүүнү сатып алууга макулдугу жөнүндө электрондук билдирүү жиберүүсү;
2) сатуучунун жана/же соода платформасынын операторунун маалыматтык тутумунда тапшырык берүү формасын толтуруусу жана ырастоосу.
2. Акцепт үчүн маалыматтарды киргизүү боюнча ката келип чыккан учурларда, сатып алуучу 3 сааттан кечиктирбестен, сатуучуга же соода платформасынын операторуна акцепти кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
21. Акцептти жөнөтүүнүн алдында керектөөчүгө анын тапшырыгы жөнүндө жыйынды маалымат берилет, анда ар бир товардын баасы көрсөтүлүү менен толук сүрөттөлүшү, жеткирүүгө байланыштуу кандай болбосун кошумча төлөмдөр, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма камтылат.
3. Оферта шарттарын кабыл алганын көрсөтпөстөн, офертаны камтыган электрондук билдирүүнү алганы жөнүндө ырастоо, ошого тете эле сатып алуучунун унчукпоосу акцепт болуп саналбайт.
4. Сатып алуучунун офертада сунуш кылынгандан башка шарттарда келишим түзүүгө макулдугу жөнүндө электрондук билдирүүсү акцепт болуп саналбайт.
(Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 31.07.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 19 мая 2025 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях, законы Кыргызской Республики "О защите прав потребителей", "Об электронной торговле")"Редакцияларды салыштыруу
19.05.2025 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…акцепти кайра чакыртып алуу жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. кошулду: 21. Акцептти жөнөтүүнүн алдында керектөөчүгө анын тапшырыгы жөнүндө жыйынды маалымат берилет, анда ар бир товардын баасы көрсөтүлүү менен толук сүрөттөлүшү, жеткирүүгө байланыштуу кандай болбосун кошумча төлөмдөр, ошондой эле төлөнүүгө тийиш болгон жалпы сумма камтылат. 3. Оферта шарттарын кабыл алганын көрсөтпөстөн, офертаны камтыган … макулдугу жөнүндө электрондук билдирүүсү акцепт болуп саналбайт. кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 19-майындагы № 98 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112333/st-10" title="10-берене - Электрондук соода жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>